“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак айылындагы Памирлик кыргыздарга ар тараптан жардам көрсөтүлүүдө

2 Ноябрь 2017 жыл 14:44
Көрүүлөрдүн саны: 137

Куланак айылына Памирлик кыргыздар 24- октябрь күнү отурукташышкан, аларга ар тараптан жардамдар көрсөтүлүүдө. Памирлик кыргыздар менен болгон маегибизди  бул макалада баяндайбыз. 

Биз өкмөттүн тапшырмасы менен Памирлик боордош кыргыздарга Ат-Башы районунан окуу куралдар, кийим-кече, тамак-аш жагынан  жардам берүүгө келдик.

Мындан тышкары эгерде туугандарыбыз  Ат-Башы районунда жашайбыз дешсе шарт түзүп берүүгө даярбыз Азырынча эки үй-бүлөөнү  жашаганга кабыл алдык. Калган үй-бүлөөлөрдүн чечимин күтөбүз-деп оюн билдирди  Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы,аким Жакыпбек Субакожоев.

Ошондой эле аким менен кошо Памирлик кыргыздардын муктаждыктарына шарт түзүп берүү үчүн келген  Улуттук Кызыл-Ай үй-бүлөө байланыштар калыбына келтирүү долбоорунун координатору Салтанат Абдыжапарова мындай деди

Памирлик кырыздардын кээ бирлери үй-бүлөөсү менен келишкен, кээ бирлери туугандарын таштап жалгыз келгендер. Буларда кандай муктаждыктар бар экенин өзүбүздүн жумушубуздун негизинде баалап, анализдеп кеттик. Биз мамлекеттик жардамчы орган, уюм болгондуктан өзүбүздүн  жардамыбызды аябайбыз. Эң биринчи Телефон менен байланышып, спутниктик телефондорубузду берип, туугандары менен баарлашууга шарт түзүп беребиз

.

Кыз- келиндерге сайма саюунун токмо токуунун сырелорун алып бергенге жана ошондой эле Wi-Fi туташтырып берүүгө  жардам беребиз. Негизги биздин максат психикалык жактан жардам көрсөтүү.

Памирлик кыргыздарга А.Аралбаев атындагы орто мктебинини мугалимдери окутуп, илимге багыттап жатышат. Мектеп мугалими Жазгүл Кыдыралиева буларга токтолуп кетти.

Биз окуучуларды эки тайпага бөлдүк, биринчи тайпа жаш окуучулар, экинчи тайпа ата-энелер. Билим берүү тарарбынан атайын программа келген, ошонун неизинде 7 предметте окутуп жатабыз. 5 күндүк окуу процесси жүрүп жатат.

6-күнү кружоктук иштер жүрөт. Спортко да машыксын деп дене-тарбия сабагын кошконбуз.

Англис тили, орус тилин үйрөнүүгө аябай кызыгып жатышат. Өздөштүрүүлөрү абдан жакшы, арасында зээндүү, дилгир балдар да бар экен.

Памирден келген окуучу Турганбай Абдилбайит уулунун айтымында, өзү Памирде 9- класса чейин фарс тилинде окуган, фарс тилин билет. Бул жакта тамга таанып кыргыз тилинде окуп жатат, мындан тышкары орус тилин чет тилин жана компьютерди үйрөнсөм дейт.

Абдрасул Абдыгафар  уулу өзүнүн оюн мындайча баяндады.

Памирден келгенибизге 20 күндүн тегереги болуп калды, биз тоодо жашагандыктан бул жакка келгенибизге абдан кубанып, сүйүнүп жатабыз.

Бизге аябай жакшы жардам берип жатасыздар. Ыраазыбыз. Эч кандай илимибиз билимибиз жок эле, бул жерден билимге жеткизип окутуп жатышат.Билим алып,окуп элдер менен чоогу жашагыбыз келет.

Автор Медина Сарбагыш