“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Памирлик кыргыздар этнофестивалга күбө болушту

15 Декабрь 2017 жыл 11:29
Көрүүлөрдүн саны: 522

Нарын районуна караштуу Куланак айылында 17-ноябрь күнү  этнофестиваль болуп өттү. Бул фестивалга Памирлик кыргыздар да катышышты.

 

Эмгек-Талаа айылынын клубунун маданий массалык иштердин уюштуруучусу Жапарова Алиман эже буларга токтолду.

“Бул иш чарага көптөн бери даярданып келе жатканбыз. Жакшы деңгээлде өттү деп ойлойм. Памирлик кыргыздар менен, алардын каада-салттар, үрп-адаттары  менен  таанышалы деп келгенбиз.

Буга чейин да ушундай иш чаралар болуп жүрчү. Бирок, бүгүнкү иш чаранын өзгөчөлүгү Памирлик кыргыздар менен чогуу өткөргөнүбүз болуп жатат”,- дейт Алиман эже

Бул иш чарага биринчи жолу катышып жаткан Турганбай Абдилбаид уулу бизге мындайча баяндап берди.

“Мен  9-класстын окуучусумун. Бул жакка келип аябай кубанып жатам. Памирде  фарсы тилинде окуп, кыргызчаны дагы бирге окугам. Азыр биринчи класстан баштап окуп жатам. Памирде мындай фестивалдар  болбойт.

Бүгүнкү фестиваль абдан  жакшы болду кыргыздын каада –салтын көргөзүп беришти тушоо кесүү,бала бешике салмай, улуттук тамак аштарды,кыргыздын улуттук аспаптарын көргөзүштү.

Бул фестивалдан көп нерсени үйрөндүк  ”,- дейт Турганбай.

 

Фестивалдын катышуучусу  фестиваль тууралуу өзүнүн оюн билдирип кетти.

“Мен Таарындык Исаева Дөбөлү айыл өкмөтүндө китепканада иштейм. Бош убактымда байпактарды түйүп, жүн ийрип алек кылам.

Бала кезимден эле алектенем. Бул фестивалга келиндерибиз менен чогуу келдик. Биздин кыргыздын улуттук каада-салттары  унутулбас үчүн көбүрөөк болуп турса, биздин жаштарга дагы сабак болмок”,- деди Таарындык Исаева.

Нарын обласынын зам губернатору Жаркын Ибраева буларга токтолду.

“Бул балдардын келгенине 1 ай болуп калды. Тамга таанып окуп калышты. Ата-энеси жок келген  балдар да бар. Анан биз эки үй бүлөнү Нарын районуна калтырып атабыз, дагы бир-эки үй бүлөнү Ат-Башы районуна калтырдык. Алдын ала макулдашуулар бар, маңдай-тескей отуруп суйлөштүк. Сүйлөшүүбүзгө вице-премьер катышты. Негизи эле ошол өзүлөрүнүн жазап жүргөн иштерин кыла беришет, ал эми калган балдар Үсөн Асанов атындагы жатак мектебине барышат. Ал жакка көбүнчө эле жаштар барат, ошолордун баарын 1-класска киргизели деп жатабыз. Ал эми он сегиз жаштан өйдөлөр Нарындагы  №87 кесиптик лицейге адаптациядан өткөндөн кийин ошол жакка барышат.

Булар мектеп программасы менен параллелдүү,  өзүңүздөр билесиздер биздин да замандаштарыбыз бар, ал жактан билим алышып жана кесипке да ээ болушат. Мына ошол кесипти дагы параллелдүү мектепте өтсө “ооба окуйм” дегендерге аттестация, болбосо ошондон эле 11-классты бүтүрүп, билимге ээ болуп чыкса деген үмүтүбүз бар. Эми буйруса жакшы окуп калышты.  Биз аларга көнүп калдык, алар да бизге көнүп калышты. Майда-чүйдө маселелер болушу мүмкүн. Жалпысынан жакшы анткени биз ажатканага баргандан баштап үйрөттүк. Ошондуктан мен ушул ишке  катышып жаткан баардык тармактарга ыраазычылык билдирем.

Кичине сабырдуулукка чакырып, адаптация кылып, элге кошулуп катарыбызда жүргөнгө көбүрөөк жакшы сөздөр менен жардам берип койсок. Мисалы бизде №87 кесиптик лицейде шыктарына жараша компьютер окуйбуз деп жатышат. Бир тайпа болуп окушат. Авто-слесарды окушат, машина айдаганды, электр-монтёрду окушат. Өзүлөрүнүн шыктарына жараша окутабыз.

Аялдарга тикмечиликти, сокмочулукту андан сырткары ашпозчулук боюнча маселелер бар. Алар деле башка кесиптерге ээ болгулары келсе аларды окутабыз. Негизи адаптацияны үч айга чейин кармап туруунун кажети барбы,муну суйлөшөбүз. Эгерде биз бул 1-2 айдын аралыгында деле чечип алып окута беребиз. Азырынча үй бүлөлөр тамга тааныса деп атабыз, өзүлөрү мал багып жүрдүк элек өзүбүздүн малдарыбызды көбөйтөбүз деп жатышат”,- дейт .

 

Автор: Дилде Шатан кызы

Сүрөтчү: Самара Рыскелди кызы,Ырысбай Адамалиев