“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Айыл кароосуз калган иттерден тазаланды

12 Февраль 2018 жыл 20:26
Көрүүлөрдүн саны: 76

Кароосуз  иттерди тазалоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 2017-жылга 20 000 сом бөлүнгөн. Рейд эки күн жүрүп 118 ит жок  кылынды.

Атайын буйрук менен ветеринар,учасковый,областык мергенчилер мекемесинен келген адамдар менен биргеликте  айыл ичин  кыдырышып кароосуз көчөөдө жүргөн иттер жок кылынды. Учурда Куланак айылынан 65 ит, Учкун айылынан   53 ит  атылды- дейт Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Касымакун Мамырбаев.

Куланак айылынын ветеринары  Райымбек Кеңешбек уулу буларга токтолду.

Жобого  ылайык ар бир айылдан 100 дөн ит жылына  тазаланып туруш керек. Бир итти аттыруу  баасы 200 сомдон. Бул акчалар областтык  мергенчилер мекемесине төлөнөт. Ал жактан атайын мергенчи ок даарылары менен келип , кыдырып атып кетет.

2018-жылга  бюджеттен 50 000 сом сураганы жатабыз. 30 000сомду карышкырга деген оюн билдирди айыл өкмөтү.

Даярдаган: Айзат Түмөнбаева