“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Айылда сасык тумоонун түрлөрү менен ооруп жатышат

12 Февраль 2018 жыл 6:46
Көрүүлөрдүн саны: 77

Куланак айылынын ооруканасында кайрылгандардын көбү сасык тумоо оорусу. Бул оору менен ооругандар чоң адамдар менен кичинекей балдардын арасында бирдей .

Нарын областтык бириктирилген ооруканасынын  Куланак бөлүмүндө дарылоонучулардын көбү сасык тумоонун түрлөрү менен ооруп жатышкандыгын оорукананын бөлүм башчысы Көчиева Майрамкүл Токтобековна баса белгиледи.

“ Кыш мезгили болгондуктан өнөкөт  оорулар: өпкө, бөйрөк оорулары менен кайрылууда.  Кадимки эле сасык тумоонун ар кандай  түрлөрү бар: вирустук инфекция, бактериялык түрү, дем алуу органдарынан жабыркагандар, тамак оору, пневмания бул оорунун күчөп кеткендиги . Азыр бул оору менен ооругандар чоң адамдар менен кичинекей балдардын арасында бирдей эле болуп жатат. Көбүнчө чоң адамдардын арасында өнөкөт оорусу менен жабыркагандардын иммунитеттери начар болгондуктан бул ооруну бат кабыл алышат. Бул иммунитетке жараша болот. Кээ бир адамдардын иммунитети күчтүү болсо, көп оорушпайт”.

“Мен ооруканага бөйрөгүмө суук тийип жаттым. Азыр жакшымын. Бөлмөлөр таза, жылуу, бардык шарттары бар экен”-дейт Куланак айылынын тургуну Тыналиева Айнабүбү.

Дарыгерден ооруну алдын алуу боюнча кеңеш сураганыбызда төмөндөгүлөргө басым жасааларын айтты.

“Жаңы башталып келе жатканда бейтаптын дене табы көтөрүлөт, чыйрыгат, алы кетип шалдырайт, тамакка табити тартпайт, мурдунан суу куюлат, чүчкүрөт, жөтөлөт. Үй шартында бул оору менен ооруп калган адам болсо, ал адамды өзүнчө бөлмөгө алып барыш керек. Суюктуктан көп колдонуп,алдын ала вирустарга каршы майлардын  түрлөрү бар ошолорду колдонуу менен, үйдүн  ичин  тез-тезден желдетип, дене табы 38 градустан жогору болсо, парацтемол же дене табын тушурө турган свечаларды колдонуп, оору өтушүп кетсе стационарга жиберүү керек. Үй бүлөлүк дарыгерди чакырып,анын сунуштарын аткаруу зарыл”.

Ооруканада бейтаптар үчүн баардык шарттары түзүлгөн.Бардык ыңгайлары менен бар. Балдар бөлүмүнөн бирөө, анан чоңдордуку аялдар, эркектердики өзүнчө. Оорукана жылуу, электр энергиясы бар- дейт оорукананын башчысы.

Даярдагандар: Бегимай Талантбекова, Дилде Шатан кызы.