“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун

15 Февраль 2018 жыл 14:06
Көрүүлөрдүн саны: 78

Бүгүн, 15-февралда, 2015-жылы террористтер менен кармашып, баатырларча курман болгон Төлөбек Исмаиловдун наамына таандык музейдин ачылыш аземи болду.  Иш-чарага айыл тургундары, кесиптештери, бир туугандары, ишки-иштер министрликтен  жана райондук администрациядан келген өкүлдөр  катышышты.

Ачылыш азем  Куланак айылына караштуу  А. Аралбаев атындагы орто мектебинде болуп өттү.

Иш-чараны мектеп окуучулары Төлөбек Исмаиловдун эмгегин даңазалаган чакан линейка менен ачып беришти.

Жакындары, кесиптештери жана бир туугандары көздөрүнө жаш алып, каарманды эскерип турушту.

Кеченин алкагында Төлөбек Исмаиловдун кесиптештери  анын эрдиктерин эскерип, үй- бүлөсүнө  белектерин тапшырышты.

Окуучулардын эмгеги менен даярдалган кече бир саатка созулуп, кабинеттин ачылышында бир туугандары жана көмөк көрсөткөндөр араазычылык кат, төш белги жана димломдор менен сыйланышты.

                                                         (Төлөбек Исмаиловдун апасы)

Курман болгон баатырдын атасы  Эсенбек Исмаилов баласынын эрдиктерин жана анын наамын алган кабинеттин ачылышы  тууралуу буларды айтып берди: “ Негизи бул кабинетти 2015-жылы эле ачабыз деген планыбыз бар болчу, бирок шарттка байланыштуу ача албай калгандыктан, быйылкы жылга туура келди. Бул музей түбөлүккө сакталат”.

Ал эми музейдин жасалгасына кеткен чыгым Төлөбек Исмаиловдун  бир туугандары тарабынан каржыланган, ошондой эле жакындары, кесиптештери дагы жардам көрсөткөнүн кошумчалады.

Нарын облусунун тез чара көрүүчү атайын отрядынын командиринин капитаны кесиптеши тууралуу мындай деди: “ Төлөбек менен 2010-жылдан 2013-жылга чейин министерстводо чогуу иштедик. Ал экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы болуп ынак элек. Көптөгөн мелдештерге дагы  катышып жүрдук.  Ал мага  акыл-насааттарын айтып, сыры менен бөлүшүп  калар эле. Чындыгында, Төлөбектин эрдигин  даңазалоо-биздин ыйык милдетибиз деп билем”,- дейт  Мирбек Мукамбеталиев.

Даярдагандар: Самара Рыскелдиева, Дилде Шатан кызы.