“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак:»Бар бол жоокер»сынагы өткөрүлдү

24 Февраль 2018 жыл 10:26
Көрүүлөрдүн саны: 105

Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата «Бар бол жоокер»аттуу сынак өткөрүлдү.Сынакка 9-10 жана 11-класстан төрттөн окуучу бала катышышты.

Сынакка 11-класстар «Мекен сакчылары»,10-класстан «Сыргак»9-б класстар «Кырк чоро»жана 9-а класстар «Арзым»командасы менен чыгышты.

«Бар бол жоокер»сынагына катышуумдун негизги максаты ,классымдын намысын коргоо болуп саналат.Мен бул сынакка үчүнчү жолу катышып жатам ,бул сынактын жылдагыдан айырмаланганы гира көтөрү болду,буга катышканга жакшы даярдандык»-дейт сынактан биринчи орунду алган»Мекен сакчылары»тобунун мүчөсү Улукмырза Калдарбеков.

Катышуулар көптөгөн тапшырмаларды аткарышып өзүлөрүнө татыктуу бааларды алышты.

Калыстар тобунун эсептөөчүсү Аида Жумабаева сынак тууралу буларга токтолду.

-Бул сынак мага аябай жакты.Мындай конкурстар бизде жыл сайын өткөрүлөт.Буга ар бир окуучулары активдүү катышышты.Окуучулар окуудан тышкары ушундай коомдук иштерге катышып турушу керек деп ойлойм.Окуучуларыбыз келечекте эли-жерин коргогон,намысты биринчи орунга коюп мекенин коргогон жоокерлерден болооруна ишендим»-дейт  коиссиянын катчысы Аида Жумабаева

Сынак эки жарым саатка созулуп жыйынтыгында I-орунду «Мекен сакчылары»II-орунду»Сыргак»командасы III-орунду»Кырк чоро»командалары алды.

Сынакка классым аябай даярданышкан. Окуучуларымдын  жигиттер арасындагы биринчи сынагы. Эмблема, стент, саламдашуу,суроо- жооптордон алды да келе жатышкан. Чоң класстар чоңдугун кылышат экен, жигиттер күчтөн алдырып коюшту. 1-2-орундарды чоң класстын балдары алып кетти. Бул конкурс жылыга болгондуктан кийинки жылы бюрса мөөрөй биздики деп турабыз дейт- «Арзым» тобунун класс жетекчиси Клара Мааметова.

Автор:Дилде Шатан кызы.