“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Таланттымды  багып келем

25 Февраль 2018 жыл 11:20
Көрүүлөрдүн саны: 211

Куланак айылынын тургуну Жылдыз Абдыразакова көп кырдуу таланттын ээси. Ыр жазуу, кийиз, жүндөрдү иштетүү, курак куроо менен алктенет

 Айылда жумуш жок болсо дагы жумуш жок деп олтура бербестен ар күнүн текке кетирбей эмгектенген бүгүнкү биздин каарман Жылдыз Абдразакова жөнүндө сөз болмокчу.  Өзү Ат-Башы районунун Ак- Моюн айылында 1984 –жылы төрөлгөн. Учурда Нарын районунун Куланак айылынын келинин  3 баланын апасы.

Ыр дүйнөсүнө кантип келгенин сураганыбызда буларга токтолду.

Мектепте окуп жүргөндө эле апамдын ыр жазганын билчүмүн. Мен дагы аны туурап кагаз бетине сөздөрдү уйкаштырып жазып койчумун. Анда бала экемин апам жазып жатса мен жазып жатсам элдин баары эле жазатда деп далай ыр барактарым ар кай жерде калды.

Азыр антпей калдыңызбы дегенибизде.

Ооба, талантты да барктап бапестеп багыш керек экен. Уялчаак болуп ырларымды катып койчумун. Азыр уялбай сурагандарга ырларымды окуп берип турам. Анан акырындан чогулта баштадым.

 

Апам өзү жаны тынбаган адам, апамдан үлгү алам, кийиз кармайм, үйдөн буйрутмаларды алып булочка, кекстерди тойлорго жасайм. Жасаган эмгегимдин баарында апамдан күчү, деми,айткан насааты  бар дейт биздин каарманыбыз.

Сөзүбүз кур болбосун үчүн апасы  Толгонай  Өмүрова арнаган ыр саптары

АПАКЕМЕ

Кылганыңды эч нерсеге теңей албайм

Өзүно ыр арноодон эч тажабайм

Онообузду чоңойтууп зор күч менен

Балдарыңдын сыйын көргүң эми кенен.

Кантсек апа, ак сүтүңдү актаар элек

Татыбайт эне сүткө түркүн белек

Онообуздун бергенибиз, жетпейт демек

Тамчы сүтүң балдай десем туура келет

Жөө алып бааар элем күчүм жетсе

Кудайым мээрим төгүп, нурун сепсе

Сооп алып келсек  биз ажыдан

Мен кийгизбейм, ажы кымбат тажыдан.

2006-жыл

Курсактагы наристеме арнаймын

Белек кылып берди кудай өзүңдү

Ыймандуу бол  угуп кийин сөзүмдү

Болк дейт курсак кыймылыңдан айланам

Амандыгың билип анан жайланам

Наристем ий аман — эсен көз жарсам

Эркелетин бир өзүңдү колго алсам

Ыймананын бер, өмүрүн бер кудайым

Бир өзүңдөн ушул енинсураарым

Кичинем ий, мотурайан кара жан

Кандай адам танмак эле баладан

Бул жашоого аман эсен келип ал,

Кудай сактап ар кыл, түркүн балаадан.

2016-жыл

Алдей ыры

Боор этимден жаралган наристемсиң

Кымындай да күнөөң жок периштемсиң

Кан жанымдан жаралган балакайым

Эч несеге чыдамы ок жалакайым

Билем сен уктаганды жактырасың

Уйкуң канса бырс-бырс күлүп каткырасың

Уйкуң клсе ызы чууну саласың

Антсең деле апакеңе жагасың

Алдей, алдей ак балам

Тынч бир уктап жат балам

Менин балам абдаан жоош деп

Бүт баарына мактанам

                                                                 2017-ж

Аяштарга

Биз аяштар ар кай жерден чогулдук

Токтоо тартып, кагылдык да согулдук

Кечиргиле көңүлүңөр оорутсам

Жаштык кылып албууттаны оолуксам

Жүрөлүчү алыстабай катташып,

Телефондон салам айтып кат жазып.

Эже сиңди бир туугандай сырдашып

Жүрөлүчү жашоо ашуусун бирге ашып.

 

даярдаган: Айзат Түмөнбава