“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Ачык бюджет элге керек

10 Апрель 2018 жыл 10:03
Көрүүлөрдүн саны: 133

Куланак айылында бюджеттик баалоону жүргүзүү  боюнча окуу семинар болду. Семинарга айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтү, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана долбоорлор менен иштешип келе жаткан айыл тургундары катышты

Семинарды Руслан  Карабаев “Альянс ачык бюджет үчүн” уюмунун кызматкери, көп жылдык тажрыйбасы бар бухгалтер,эксперт Сейил  Мусаева жана Нази Молдокматова алып барды.

Сабактын темасы Бюджеттик  айкындуулук муниципиалдык индексин баалоону окутуу жана  максаты: айыл тургундары менен айыл өкмөтүнүн тыгыз байланышта болуп,                        биргеликте иш алып баруусу жана ачык бюджет. Ачык бюджет дегенибиз айыл өкмөтүнүн балансындагы акчалардын кандай жана кай тарапка бөлүнүшүн жалпы эл билип туруусу жана дагы бөлүштүрүү процесстерине активдүү катышуусу болуп саналат- дейт Руслан Карабаев.

Мен Сейил Мусаевамын, эксперт катары келдим. Бүгүн биз Учкун айыл өкмөтүнүн бир жылдык бюджетин карап көрдүк. Буга чейинки өткөрүлгөн жыйналыштарга да басым жасадык.  Катышуучулар менен биргеликте атайын берилген суроолорго жооп алуу менен формула толтуруп эсеп чыгарып, бюджеттик маселелерде элдин катышы кандай экенинин бааладык. Жыйынтыгында Учкун айыл өкмөтүнүн ичиндеги иш чаралар менен айыл тургундарынын өтө тыгыз болбосо да бир аз байланышта экен. Бул көрсөткүч өсөрүнө ишенем.

Мен бүгүнкү сабактан көп нерселерди ала алдым. Мисалы ачык бюджет дегенден кийин айыл тургундары айыл өкмөттун ичиндеги иштер менен кызыктар болуп туруш керек экен. Ар ким эле өз казанында кайнай бербей баардык нерсеге өзүбүз кызыгып сурап, билип туруу. Анан дагы биздин маалымат тактабыз талапка жооп бербейт тура. Маалымат тактасы айыл өкмөтүнүн күзгүсү деп түшүндүм. М: буга чейин маалымат тактада кулактандыруу гана илинет деп келсем, бүгункү окуудан кийин айыл ичиндеги жана айылөкмөттөгү иштердин баарын ушу жерден табышыбыз керек экен. Биздин маалымат такта ачык асманда тургандыктан кагаз бетин күн, шамал , жаандан коргой турган  айнекчеси жок үчүн талапка жооп бербейт экен дедим дейт семинардын катышуучусу Жазгүл Кадыралиева.

Окуу абдан жакшы өттү. Учкун айыл өкмөтү абдан чоң экен. Мындай окуу семинарлар айылдын өнүгүшүнө, айыл өкмөтүнүн кызаткерлерине ишеним көрсөтүүсүнө чоң өбөлгө түзөт.  2018-жылга отчётубуз жакшы деңгээлде болот деп ишенем- дейт Руслан Карабаев.

 

Даярдаган: Айзат Түмөнбаева