“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Ооруканадагы көйгөйлөрдү кантип чечсе болот?

2 Май 2018 жыл 16:32
Көрүүлөрдүн саны: 83

Айылыбыздагы ооруканада коптогон койгойлор, маселелер, муктаждыктар бар. Бул көйгөйлөрдү ким чечет жана кимдер тарабынан көзөмөлдөнгөн.
Адамдын сулуулугу бул ден соолук.Ал эми ушул ден соолукту сулуу кылып жаткан албетте ак халатчандар.

Айылыбыздын элин медициналык жактан кароо учун оорукана бар. Ар бирибиз эле ал жакка барып дарыланып журобуз. Бирок андагы көйгөйлөргө көп конул деле бурбайбыз. Дал ушул ден соолук сакчысы болгон ак халатчан кызматкерлерибиз эмгектенген жерде көптөгөн чечиле элек маселелер бар.
Биз ооруканага барган убагыбызда дарыгерлер өз иштерин аткарып жатышкан экен. Бөлүм башчысы Асанова Сайрабубу эжени кепке тартканыбызда, суроолорубузга төмөндөгүдөй жооп берди:
» Болумдо 1 врач 5 мед.айым жана 1 кенже кызматкер эмгектенет.
Куланак айылынын элин медициналык жактан тейлөө боюнча иш алып барабыз. Үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна 3 айыл Куланак , Учкун, Жыланарык айылдары кирет. Жалпы элдин саны 6000 ден ашык. Анын ичинен биз Куланак айылында иш алып барабыз.
Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жалпы реформасына киргенден бери элдин ден соолугун кароодо көйгөйлөр жок эмес. Алардын эн башкысы имараттын эскилиги. Имарат 1968 — жылы курулган. Жыл сайын косметикалык ремонттон отуп турат. Бул ондоп түзөө иштерине мамлекет тарабынан эч кандай каражат бөлүнбөйт. Өз жамаатыбыздын капчыгынан каражат сарптайбыз.
Ал эми ооруканабызда медициналык жабдуулар толугу менен бар деп айта албайм. Себеби бизде болгону «электро-кардио- грамма» эле бар. Андан сырткары лаборатория бар. Бирок лабораторияда да терен биохимиялык изилдоо жургузуу мумкун эмес. Бизде болгону клиникалык текшеруу гана жүргүзүлөт.
Кышкысын дагы жакшы жылыбайт- дейт дарыгерибиз өз сөзүндө.
( каарманыбыз суротко тушуудон баш тартты)
Чындыгында эле имараттын эскилиги жеткени билинип турду. Ага карабастан элге кызмат кылып келе жатышат. Ооруканабызда тушку жатып дарылануу болуму да бар
Жабдыктардын эскилиги жеткенине да күбө болдук.
Мындай талапка жооп берээрлик эмес жерде оз иштерин так аткарып элге кызмат кылып келе жаткан ак халатчан дарыгерлерибиздин иштерине ийгилик каалап, көйгөлөр чечилет деген терен ойдобуз.

Даярдагандар: Альбина Болот кызы, Жамал Уланбек кызы,Ырысбай Адамалиев.
сынак учун