“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Спорт-ден соолуктун булагы

2 Май 2018 жыл 21:19
Көрүүлөрдүн саны: 207

Ушул жылдын 19-апрель куну Куланак айылынын номер 86 Женишбек Арыпбеков атындагы кесиптик лицейине Нарын областынын айылдарынан грек-рим күрөшүнө катышкан окуучу балдар келишкен.Алар агайлар менен биргеликте чон турнирге даярданып жатышат.

Куланак айылынын номер 86-кесиптик лицейине келген греко-рим курошуно катышкан окуучу балдар жонундо маалымат топтоо учун жерине барып тааныштык.Лицейге барган учурда балдар машыгып жаткан кези экен.

Машыктыруучу Мусалиев Назарбек агай  бул тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты:

«Мен Куланак айылындагы греко-рим курошу боюнча машыктыруучу болуп эмгектенем. Бул жакта Нарын областынын окуучулар арасындагы спортакиядага жолдомо утуп алган балдар келишкен. Алардын жалпы саны38 окуучу эле. Бирок азыр тандалып отуруп эн мыкты делген 10 окуучу калды. Окуучулар  номер 86 кесиптик лицейдин жатаканасында жашап, А.Аралбаев мектебинде өз окууларын узгултукко учуратпай окуп жатышат. Калган 10 окуучу эми Республикалык турнирге даярданып жаткан кези. Даярдыктар жакшы болуп жатат. Буюрса утушка ээ болобуз деген умутторубуз зор,»- дейт машыктыруучу.

Жана ушундай эле Куланак айылынан чыккан, айылынын атын алыска тааныта турган окуучусу Алмазбеков Бакыт оз ою менен болушо кетти:

 Мен бул спорттун түрү менен 3-классыман бери катышып келем. Азыр 8-класста окуйм. Ушул беш жылда мен коптогон жетишкендиктерге жетиштим, коптогон жерлерди коруп келдим. Баарыныздарга спорт мн машыгыныздар демекчимин!»- деген тилектери менен бөлүштү.

Биз дагы кененирээк маалымат топтоо учун КРнын эмгек синирген машыктыруучусуна бардык

«Мен Бошубеков Карыбек Нарын районунун уландар спорт мектебинин машыктыруучусумун. 

Бул балдарды Куланак айылынын кесиптик лицейине алып келгенибиздин себеби, биздин райондук команда спортакиядада областык турда утуп алды. Анан республикалык мелдешке даярдануу учун чогулдук. Бул жакта баардык шарттар бар экен. Жатаканадан орун беришти, тамак болсо кунуно 4 маал, машыгуучу жай дагы бар экен. Буюрса женишке жетебиз деген ойдомун,»- деп өз ою менен бөлүшүп отту.

Спортту сүйгүлө,спорт менен машыккыла. Спорт- ден соолукту чындайт!

Даярдаган: Эсенгулова Жаркынай, Ырысбай Адамалиев.

Сынак үчүн