“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак:Билге студенттик уюму Миң-Булакта

5 Май 2018 жыл 21:19
Көрүүлөрдүн саны: 161

Жума бул күн айрым адамдар үчүн жөн гана жума күн болсо ал эми Миң Булак айылынын тургундары үчүн эстен  кеткис күн болдуго деген ойдобуз.Анткени аталган айылда 4-май күнү райондук деңгээлде И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери даярдап келген Билге билим таймашы болуп өттү.

Бул таймаш Билге студенттик клубу тарабынан уюштурулган жана суроолору тарых сабагынан болуп ,2бөлүктүн негизинде жүрдү.

Билге билим таймашында 1-орунду Орто-Нура айылы Бейшенаалы Бекжанов орто мектеби ,2-орунду Куланак айылы Абдылда Аралбаев орто мектеби ал эми 3-орунду Кара-Чий айылынын Мамыткан Иманалиев орто мектеби ээледи.

Таймаштын жүрүшү боюнча 1-орунду ээлеген топтун мүчөсу мындай дейт.

«Бул таймашты биз эки күн мурун эле укканбыз жана утабыз деген оюубузда деле жок болчу күнү-түнү дебей даярданганбыз ошо акыбетибиз кайтты.Азыр кубанычыбыз койнубузга батпай турган учур дейт-«Кубанычбеков Сыймык, Бейшенаалы Бекжанов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу.

Ошондой эле Билге билим таймашында атайын ошол И.Арабаев университетинин окуучулары жана Миң-Булак айылынын окуучулары тарабынан даярдалган чакан концертиндагы тартуулашты.Ал концертти ар бир суроолор берилип жаткан сайын таймашка катышкандардын  мээсин сергитүү,эс алдыруу максатында болгонуна күбө болдук.

Күйөрмандардын айтымында аталган таймаш тактыкта,таза өткөнүн баса белгилешти.

Албетте баардык иш чараны бир адам жетектейт эмесби ошол сыяктуу эле бул таймаштында уюштуруучуларынын бири менен дагы маек курдук.

«Биз жети дубанды кыдырып жүрөбүз жана жакындале Ош,Жалал-Абад облустарын кыдырдык 2008-жылы Билге студенттердин уюму түзүлгөн ал уюмда студенттер өздөрү иш алып барышат».

Бул сынакта 1-2-3-орунду ээлеген командаларды күзүндө боло турган республикалык Билге билим таймашына чакыра кетти .

«Бизди унивеситет эле каржылайт жана баардык чыгымдарыбызды университет ктөрөт азыркы учурда баардыгы жакшы болуп атат,»-деди И.Арабаев атындагы университеттин тарых факультетинин мугалими.(Тилеке каршы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам аты жөнү жазылбай калда кечирим сурабыз).

Ал эми аталган КМУнун 3-курсунун студентинин маегинде.

«Мен Асанбек уулу Жеңишбек Билге уюмунун мүчөсү болом,биз студенттер окуу менен гана чектелбешибиз керек жана мындай коомдук иштерге катышып турсак дагы жакшы нерсе.

Бул уюмда баарыбыз тарых факультетинин студенттерибиз жана азыркы учурда көп жерлерге барып атабыз баары жакшыболуп атат ээми Ысык-Көл облусу калды»-деди студент,Билге студенттер уюмунун мүчөсү.

Миң-Булак айылынын тургундары кубанычтарын койундарына батыра албай турган кездери аларда жакшы ой тилектери менен бөүшүп  Билге студенттер уюумуна ийгиликтерди каалашты.

Баары бүткөн соң адаттагыдайле сыйлыктарды тапшыруу аземи болду.

Бизда бул уюмга чоон ийгиликтерди каалайбыз жана ар дайым өткөзүп турууларын тилейбиз.

Даярдаган: Ырысбай Адамалиев.

сынак үчүн