“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Бош убактысында күнөскана иштеткен айым

5 Май 2018 жыл 22:18
Көрүүлөрдүн саны: 90

Каарманыбыз Гульнура Солтобаева «Агро-горизонт» уюмунун колдоосу менен күнөскана иштетип келет.Ал жакта бадыраң жана башка жашыл өсүмдүктөрдү өстүрүүгө болот.  

Бул күнөскананын жалпы аянты120 м кв . Негизинен бул күнөсканага бир эле жашыл чөп өстүрүүгө болот ошондуктан биз бадыраңды тандап алганбыз . Азыркы учурда бадыраңдын гүлдөп жаткан маалы .

Бадыраңды март айында айдаганбыз. Буюрса май айынын 15-20 ларында түшүмүн алабыз деп турган чагыбыз.

Эмне үчүн ушул бадыраңды тандап алдык деп суроо бергенибизде төмөндөгүдөй жооп берди:

» Биз бадыраңды тандап алганыбыздын себеби: ал эрте бышат жана тоюмдуу келет. Бирок, бадыраңдар ооруга туруксуз келет. Ошол себептен бадыраңды аярлап , кастарлап карайбыз.

Бөлмөнүн температурасы +20,+23° тан ашпашы зарыл. Эгер ашып кетсе бадыраңдар тердеп кетиши мүмкүн. Бадыраңдарды тамчылатуу жолу менен күнүгө бир жолу сугарып турабыз.

Биз ишкер айымдын күнөсканасы менен таанышып жатканда» Агро-горизонт «уюмунун өкүлдөрү келишти. Алардын ичинен биз бул уюмдун кызматкер айымды кепке тарттык:

» Биздин уюм негизинен жалаң гана күнөсканаларды гана эмес эт,сүт багытында да иш алып барат.Биздин максат кош бойлуу айымдардын жана кенже курактагы балдардын туура тамактануусуна шарт тузуп беруу болуп саналгандыктан биз ушул куносканаларды курганбыз»- дейт  Айсулуу айым өз сөзүндө.

Кошумчалай кетуучу нерсе бул куноскананын курулуш материалдарын «Агро- горизонт» уюму жиберген, ал эми кара куч  толугу менен куноскананын ээлерине таандык.

Уруктарды болсо ишкер айым оз чонтогунон сатып алаарын  айтты жана бул долбоор буткондон кийин деле ушул күнөскана менен алек болоорун баса белгилеп өттү жана өскөн жемиштеринин көп бөлүгүн эле айыл тургундары сатып алаары белгилүү болду.

Ошондойле каарманыбыз Гүлнур эже күнөсканадан тышкары мектепте дагы сүйүктүү мугалим болуп эмгектенет.Эртен  менен түшкө чейин мектепте болот жана түштөн кийин үй жумуштарын жазап жыйынтыктаган соң ушул күнөсканасы менен алек болот экен.

 Биз бир чети таң калсак бир чети сыймыктандык анткени  бул күнөсканада баардык шарт болгондуктан дарбызды дагы өстүрүп жатканына күбө болдук .

Аталган уюм ЮНИСЕФтарабынан каржыланган жаны дайым көзөмөлүндө болуп турат.

Даярдагандар: Гулшат Бейшекова, Ырысбай Адамалиев

Сынак  учун