Жыл сайын өтүлүүчү «Жаш таланттар «кароо сынагынын, райондук турунда биздин кыздар 1-орунду камсыз кылышты.
Жаш таланттар кароо сынагы жыл сайын өткөрүлүп турат. Бул сынакка аатышычуулардын саны аз эмес. Ушул сынактын өрөөндүк турунда биздин ырчылар 1-орунду алып, райондук туруна жолдомо алышкан. Райондук тур 28-апрель куну Нарын шаарында болуп өттү. Ал жаткан ырчылар 1-орунду ээлешти.
Бул кыздарды даярдаган музыка мугалими Жумагул эжени сөзгө тарттык. Музыка мугалими Жумагул эже биздин суроолорубузга төмөндөгүдөй жооп берди:
» Кароо сынакка барган кыздар боюнча айта кетсем бул топтогу кыздар мурун жеке номер менен ырдашчу, быйыл «акапелла» деп коёт -бул инстурменттин коштоосу жок ырдашат. Ошон учун быйыл жаны топтолушту, арасында мурун ырдап жургон эки кыз бар калгандары жаны киришти топко. Бул кыздар жакшы ийгилик жаратып келишти. Себеби:кучтуу альт болду, кучтуу сопрано болду, эгерде кыздардын жон эле уну бар бирок жакшы кучтуу уну жок болсо мынчалык денгээлге жетмек эмес. 33 мектептин ичинен 1-орунду камсыз кылышты дейт «-өз сөзүндө
Ырдап жургон кыздардын бири менен маектешкенибизде төмөндөгүлөрдү айтты:
«Мен өзүм А. Аралбаев атындагы орто мектебинде 7 -класста окуйм. Бул сынакка көптөн бери даярданып жургонбуз. Талыкбаган эмгеги менен бизди Жумагул эже даярдады. Женишке жетебиз деп ойлогон эмесбиз бирок алдыга максат койгонбуз, ошол максатыбызга азыр жетип отурабыз»-дейт Айгерим Сатыбалдиева
Сыйлыгыныздар кут болсун! Көптөгөн жетишкендиктерге жетиниздер.Бул макалабыз менен сиздерге (окурмандарга)аз болсода маалымат бергенге аракет кылдык.
Даярдагандар:Айпери Жамгырчиева.
Сынак учун