“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Айыл трансформаторлору элге коркунуч жаратууда

11 Май 2018 жыл 19:25
Көрүүлөрдүн саны: 71

 Куланак айылынын трансформаторлору азыркы кунго чейин тосулбай келет.Айыл тургундары жаңы өсүп келе жаткан жаш муундар ойноп кирип кетеби,же жарылып кетсе не болот,өрт чыкса не болот дешип түйшөлүп келишүүдө. Буга ким жооптуу?

Бул суроону биз айылыбыздын электриктеринин бири Кылыч Тостоковго бергенибизде ал төмөндөгүчө жооп берди:

«Энергетика тармагында иштегениме 15 жыл болду. Тосулбаган трансформаторлор жөнүндө айтсам, булар Союз мезгилинде курулган, Союз тарагандан кийин кароосуз калган.

Exif_JPEG_420

Энергетика тармагы Ачык Акционердик коом болгондон кийин өзүн-өзү каржылаш керек. Бизди эч ким каржылабагандыктан эми жаныдан көңүл бурулуп жатат.

Жаны жабдуулар зым,изолятор  аны жылдырганга азырынча биздин күчүбүз жетпейт».

Куланак айылында азырынча жаны трансформаторлор курула элек,себеби, бул нерсеге коп суммадагы акча каражаты керектелет,андай суммадагы акча каражаты бизде жок.

Көп трансформаторлор бирөөнүн короосунда жайгашкандыктан биз аларды жылдыра албайбыз.

Ал нерсеге биздин каражатыбыз да, кучубуз да жетпейт.

Биз коопсуздук учун трансформаторлорго кулпу салабыз жана «Жолобо өлөсүн» деп жазабыз.

Exif_JPEG_420

Жана дагы Нарындын диспетчеринин номерин жазып коёбуз.

Exif_JPEG_420

Экинчиден, тегерек чекесин тособуз. Бирок, көбү тосулган эмес. Биз эл коп жүргөн, мал жандыктар көп жүргөн жайлардагы трансформаторлорду тособуз.

Ал эми тосулбаган трансформаторлор тосулушу керек жана тосулат» -дейт Кылыч мырза.

Ал эми карапайым айыл тургундарынын бири мындай дейт: «Трансформаторлордун көбүнчөсү үйлөргө жакын жайгашкан жана абдан коркунучтуу.Анткени ал жактардан малдар өтөт,адамдар өтөт,ал жактын зымдары үзүлүп кетсе же өрт сыяктууу өзгөчө кырдаалдар болуп кетсе анда абдан чоң кыйынчылыктар болуп кетиши мүмкүн.Ошондуктан азыртан кам көрүшсө жакшы болмок»,дейт ал.

Азыркы учурда айылыбызда  20дан ашык трансформаторлор бар. Алардын кээ бири капиталдык ремонттон өтсө көбү өтө элек . Трансформаторлорду капиталдык ремонттон өткөрүү учун айыл өкмөттүн чама-чаркы жетпейт.

Айта кетсек айылда көйгөйлөр көп жана жарык боюнча биз электр тогун токтотпой дайым элибизди жарык менен камсыз кылганга аракетибизди кылабыз дешти алар.

 

Даярдагандар:Гулшат Бейшекова, Жамал Уланбек кызы,Абилназир Нурланов.

Сынак учун