Балдар бул биздин келечек, аларды коргоо биздин милдетибиз. Жыл сайын 1-июнь «балдарды коргоо күнүнө карата иш — чаралар болуп келет.
Ар бир баланын балалыгы таттуу көз ирмемдер менен коштолушу абзел. Жыл сайын жер — жерлерде 1 — июнь балдарды коргоо күнүнө карата иш — чаралар болуп турат. Бул жылы айылыбызда да балдарды майрамы менен куттуктап чакан концерттик иш — чара уюштурулду.
Бул иш — чаранын уштуруучуларынын Калназар Арипбеков буларга токтолду:
» Бул чакан иш-чарабыз бүгүнкү майрамга арналган. Эң башкы максатыбыз балдардын көңүлүн көтөрүп, жакшы маанай тартуулоо. Балдарга атайын балмуздак таратылды. Бул иш — чара мектеп жамааты жана айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган «- дейт өз сөзүндө.
Иш-чаранын негизинде мектеп окуучулары ыр-бийлерди аткарып жатышты.
Бүгүнкү күн тууралуу балдарга суроо узатканыбызда Айжамал жана Гүлбийке төмөндөгүдөй жооп беришти:
» Бизге бүгүнкү күн абдан жакты. Бекер балмуздак да таратылып жатат. Бул жыл сайын уланышын каалайбыз»- деп өз ойлору менен бөлүшүштү.
Мектеп окуучусу Азирет Орденбеков да буларга токтолду:
» Мен 6 — классынын окуучусу болом. Бүгүнкү күн абдан көңүлдүү өтүп жатат. Баарыбызга абдан жакты.»- деп кубанычы менен бөлүшүп өттү.
Мектепке келген балдардын баардыгынын маанайы ачык жүрүштү. Мектеп мугалими Ашыралиева Тоюнкүл эже буларга токтоло кетти:
» Бүгүн мектепке көп балдар келишти. Аларга атайын чакан концерт да уюштурганбыз. Баардыгынын маанайы ачык, жүздөрүндө күлкү. Бул саамалык жыл сайын уланат деген ойдобуз»- деди.
Чындыгында эле балдардын кубанычында чек жок экен.Бүгүнкү күн мн эле чектелбестен балдарды күн сайын же дайыма жакшы мамиледе чоңойушса дейбиз.
Даярдаган: Альбина Болот кызы,
Сынак үчүн