“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Жеримдин таштары алтын, суусу дары.

1 Июнь 2018 жыл 12:40
Көрүүлөрдүн саны: 144
  1. Адам өмүрүнө пайдасын тийгизүүчү көптөгөн пайдалуу суулар, жерлер бар. Дал ошондой пайдалуу суу айылыбызда да бар,  бирок ал жер да көйгөйлөрдөн кур эмес.

Ден-соолукка таасир тийгизүүчү Кара — Суубуз же көпчүлүк айткандай Жылуу-Суубуз бар. Бул жерге аптаптуу ысык күндөрдө келип, суусуна түшүп эс алышса, кээ бирлери ден — соолугун чыңдоого да келишет.

Айылыбыздын тургундарынын айтымында Кара — Суу  ар кандай аллергиялык тери ооруларына дары. Бул уккандарыбызга кызыгып,  айыл тургундарынан кененирээк маалымат алуу үчүн сурап көрдүк.

Кара — Суунун кандай пайдасы бар деген сурообузга айыл тургуну, мектеп мугалими Калдарбеков Бекмырза агай өз сөзүндө төмөндөгүлөрдү айтып өттү:

» Айылыбызда Жылуу — Суу  бар. Ал жакты Кара — Суу деп да коёбуз. Мен өзүм ал жакка  көп эле барып,  түшүп турам. Ал эми дарычылыгы тууралуу угуп жүрөм.  Бирок так маалыматым жок»- дейт.

Биз андан ары дагы кызыгып, элге суроо узатканыбызда Дүйшөнбек байке буларга токтолду:

»  Угушумча бул жер «стамбул »  деген урууга таандык болуп,                      «Чок-Камыш»  деп аталған.  Дарычылык касиети да бар. Ар кандай жара ооруларына пайдалуу. Өзүм ушул суудан айыккандарды угуп жүрөм, бирок, өз көзүм менен көргөн эмесмин. Бул жерде көңүл өйүткөн маселелер да көп. Биринчиден кароосуз, экинчиден таштандыга толуп кеткен. Негизинен бул жерди айыл өкмөтү көзөмөлгө алуусу керек.  Бирок ал жактан эч кандай кароо деле болбойт » — дейт өз сөзүндө Дүйшөнбек агабыз.

Айыл өкмөтү тарабынан эч кандай көзөмөлгө алынбайт дегендиктен, айыл башчынын өзүнөн суроону туура көрдүк. Биз барган убакта айыл башчысы жумуш ордунда экен.  Берген суроолорубузга Касымакун Мамырбаев төмөндөгүдөй жооп берди :

Exif_JPEG_420

» Айылыбыздагы Кара — Сууга көп эле адамдар келип, эс алып кетишет . Бирок , ошол эле убакта таштандыларын да кошо таштап кетишет. Бул чындыгында эле туура эмес. Айлананы да булгап, адамды жийиркентет. Бул тууралуу айыл тургуну Марс байке арыз менен кайрылган. Ал жакты эс алууга ылайыктуу кылып жасамакмын дейт . Бирок мыйзам боюнча ал жер картага жайыт жери катары гана түшүрүлгөн. Ал эми жайыт жерине  бир нерсе  курууга болбойт».

«Мындан сырткары да  үч оозеки арыз  жана бир кат түрүндө кайрылуу келип түшкөн. Биз бул тууралуу жогорку жакка арыз менен кайрылганбыз. Жообу келип , уруксат берилип калса, Кара — Сууга эс алуучу атайын жай курат элек. Ал үчүн конкурс да жарыяламакпыз. Ким эмне кылгысы келсе, кайсы жерине жардам бергиси келсе бизге кайрылышмак. Ал эми ал жактын дарычылыгы тууралуу эл оозунан угуп калам»- дейт Касымакун Мамырбаев.

Чындыгында эле азыр Кара — Суубуздун абалы жүрөк оорутаарлык. Айлана бүт таштандыга толгон, кир.

Келечекте бул маселелер чечилип, Кара — Суубуз да жакшы эс алуучу жайлардын катарын толуктайт деген ишеничибиз чоң.

Даярдагандар: Альбина Болот кызы, Жаркынай Эсенгулова

Сынак үчүн