“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Кылымдарды карыткан кыл аркан

26 Июль 2018 жыл 11:43
Көрүүлөрдүн саны: 161

Ат жалынын жалгыз талын жаш бала деле үзүп таштай алат. А бирок ошол жал куйрукту бири- бирине кынаптап тарап, чыйралтып эшип, кыл аркан кылса, ал азоо айгырды азынатып , кирген буканы тап жылдырбаган бекем күчкө эгедер болот

Кыргыз баласы илгертен кыл аркандан кыя өтпөгөн. Себеби кыргыз турмушу аркандай болуп чубалып,канча сууда калса ошончо чыйралып, кыргыз канча кылым жашап тарыхта из калтырса кыл арканда ошончо убакыт өзүнүн актуалдыгын жоготпой кошо жашап келет.

Илгертен ата бабаларыз тай, ат, топоздорду кылдап, кыл аркан жасап келишкен. Кыл аркандан малга нокто, чылбыр, ат аркандаганга аркан, тушамыш эшип мал чарбачылыгында колдонушса, кадимки боз үйдү кыл аркансыз элестетүү кыйын. Себеби ар бир боз үйдүн жабдыктарынан кыл арканды кездештиресиң. Боз үйдүн кийиздеринде үзүк, туурдук, түндүк жана эшиктеринин четтери каз таман эшилип бекитилет. Ал эми ууктарына бир кат эшилип, уук боо болот.

(Тигилип турган боз үйгө быйыл 30 жыл болгон)

Түндүктөгү жел боода 3 кат эшилген кыл аркан менен жабдылат. Анан дагы кереге, босого таяктар да аркандын жардамы менен          жерлерине ичи тышынан казык кагылып, кыл аркан менен бастырык басылат.

Учурда базар экономикасы өнүккөн маалда, боз үйлөрдү жабуу оңой туруп жиптин түрүн базардан сатып эле алып жатат. Буга карабастан ата салтын улантып кыл арканды бүгүнкү күндө да колдонуп келегендер жок эмес.

Куланак айылынын тургундары Сейилкан Садыкова апа жана Элмира Сааматова эже айыл боюнча кыл аркан эшкен ус айымдардын катарын толукташат. Унутта калып бараткан усчулук менен жакындан таанышыш үчүн атайын кыл чогултулуп, жүнгө кошулуп эшүү эрежерин көрсөтүп беришти.

“Бул кыл арканды баардык эле адамдар эше бербейт. Буга да шык, жөндөм  керек. Мен сол гана эше алам. Көп кишинин колунан келе бербегендиктен сол эшкениме карабай көптөгөн боз үйлөрдүн кийиздеринин четтерине эщип, каз таман кылып бекитип берип жүрөм” — дейт Сейилкан апа.

 

Ал эми Элмира эже Куланак айылына келин болуп келгенде үйрөнгөнүн айтат.

“Мага аркан эшкенди раматылык кайненем үйрөттү эле. Алгач үйрөнгөндө кызык болуп, торпокко, кулундарга нокто, жолдошумдун атына чылбыр эшкем.Кыл арканды эшүү үчүн атайын кыл тандалып алынат. Бышык болуу үчүн тайдын, аттын жал куйруктарынан эшилет. Жумшак, малды ноктологондо  өтпөш үчүн топоздун кылына койдун кылчык жүнү кошулуп эшилет.

Кыргыздын ырым-жырымдарында, той- торополорунда да  кыл аркан колдоору баса белгиленип кетти:

“Баланын тушоо кесүү тойунда атайын, кара, ак жүндөн эшилип, балага бата тиленип, турмуш жолу ачык болсун деп тушоосу кесилет. Кызын турмушка узаткандан кийин, эшик төр көрсөтүп же отко чакыруу жөрөлгөсүндө да кудаларга аркан тосулуп, арканды атайын кудалар тарап  сатып алышат. Ал эми кыз берген тарап кудага барганда аркан тосулбайт. Себеби кыз алган тарап кулдук урушуп келген куданын жолун торошпойт. Ушинтип каада салттарда дагы кыл арканды колдонуп келишкен биздин ата-бабалар” – деп кошумчалады Сейилкан апа.

Кыл аркан эшүүнүн эрежелерин төмөндөгүчө баяндап беришти:

Биричиден кылды жана жүндү дайындап алабыз. Аны атайын тазалап, үшмөктөйбүз. Үшмөктөр дайын болгондон кийин бири бирине кошуп аркан кылып эше баштайбыз. Эшилген арканды 3 бөлөк кылып эшип, анан боз үйдүн керегесинин 3 кошконуна  сырттан үчөө чыйралтып, аны ичинен бирөө чыйралтып чогултуп отурат. Бул жумушка билеги күчтүү жигиттердин күчү керектелет. Антпесе бош чыйралып калса аркандын сапаты жакшы болбой калат.Ал эми кооз болуш үчүн атайын боз кылдан эшилип эки катын карадан , бир катын боздон кылып чыйратса, карала аркан болуп түшөт. Аркандын канчалык калыңы керек болсо ошончолук каттай берсе боло. Мисалы эки каттан баштап төрт, беш катка чейин каттап дегендей.

Кыргыздын улуттук оюндарында да кыл аркан кездешет. “аркан тартмай”, “селкинчек”, “алты бакан селкинчек” “жамбы атмай” оюндарында колдонулат.

Учурда аркан эшкенге караганда базардан сатып алуу оңой болуп жатат. Базардын жиптеринин өңдөрү бат оңот. Бир жыл бою тигилген боз үйдүн жип – шуусун кайра кийинки эле жылы алмаштырганга туура келет. Жаанда калса кирип кетет. Ошондуктан тоо ташта тигилип жүргөн чабандардын боз үйлөрү жалаң колдун жиптери менен жабдылат.А кыргыз кыл аркандары канча күндө, жаанда , суукта калсадагы көпкө чейин жыртылбайт.

Кыргыздын каада салтын, өнөрүн уланткан өнөрпоз, ус, уста адамдарыбыз өз өнөрлөрүн жаңы өсүп келе жаткан муунга өткөрүп берүүдө чоң  кызматты аткарышат. Арабыздан кемибей ар дайым бар болушсун демекчимин.

Даярдаган: Айзат Түмөнбаева.