“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Айылды таза кармоо баарыбыздын милдетибиз

4 Август 2018 жыл 20:28
Көрүүлөрдүн саны: 50

Exif_JPEG_420

Айылыбызды таза кармоо максатында 3 айдан бери ишембилик өткөрүлүп келет. Бирок, бул нерсеге карабастан айылыбыздагы таштандылар көбөйүүдө.

 Айылыбызда таштанды таштоочу жайлар жетишсизби айтор айылдын көп бөлүктөрү таштандыга толуп кеткен.Буга эмне себеп болууда.

Exif_JPEG_420

Таштанды таштоочу жай Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Касымакун Мамырбаев  биздин берген суроолорубузга  мындайча жооп берди: Куланак айылы боюнча бир таштанды таштоочу полигон бар. Ал полигон Бак-Терек участкасында жайгашкан. Негизинен элдин баары  ошол жакка таштандыларын төгүшү керек. Бирок кээ бир адамдар короосуна, көчөгө, айыл четине төгүп жатышат.

Exif_JPEG_420

Бул нерсе боюнча биз азыркы учурда кыдыруу иштерин жүргүзүүдөбүз. Жаздан бери мектеп окуучулары менен бирдикте ишембиликтерди өткөзүп жатабыз.

Таштанды чогултууга сарпталган төлөм боюнча айтсам, ар бир үй-бүлө жылына 50 сом төлөшөт. А, эгерде бир үй-бүлө бир жылдык таштандысын чогултса, 3-4 машина болот. Ал эми машина таштандыны 50 сомго чыгара албайт.

Exif_JPEG_420

2 жылдан бери таштанды чогултуу үчүн бюджеттен акча бөлүнө элек болчу. Жакында эле болуп өткөн сессияда Учкун-Куланак айылдары үчүн таштанды чыгарууга 30 миң сом бөлүндү. Ал акчанын 15 миң сому Куланак айылына, 15 миң сом  Учкун айылына каралган.

Куланак айылынын таштанды таштоочу полигону зым менен тосулуп турат. Бирок мыйзам түрүндө темир менен тосулушу керек. Тосуу үчүн негизинен 200-150 миң сом керектелет. Биздин айыл өкмөттө көп суммадагы каражат жок болгондуктан, тосо албай жатабыз.

Ал эми айыл тургундарынын бири Эльмира Болотова: «Биз үй-бүлөбүз менен таштандыларды жерге ыргытпоого аракет кылабыз жана ар ишемби сайын корообузду тазалайбыз. Жана ошондой эле таштанды үчүн чогултулган акчаны өз убагы менен берип турабыз»- дейт каарманыбыз өз сөзүндө.(каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты).

Куланак айылында таштанды таштоочу полигон бирөө гана болгондуктан ал айыл тургундарына жетишсиз.

Exif_JPEG_420

Кээ бир айыл тургундары таштандыларын өрттөп же короосуна төгүп коюшат. Алардан айырмаланып Казаков Азатбек төмөндөгүчө оюн билдирди:» Биз негизинен таштандыларды алгач корообуздагы атайын таштанды үчүн жасалган жерге чогултабыз. Андан соң Бак-Терек участкасындагы таштанды таштоочу полигонго төгөбүз»-дейт Азат. (каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты.)

Даярдаган:Гүлшат Бейшекова, Жамал Уланбек кызы.

«Мыкты макала»сынагы үчүн