“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак айылындагы маданият маселелери

4 Август 2018 жыл 20:03
Көрүүлөрдүн саны: 42

Тамара Жумакаева атындагы маданият үйү 1968-жылдан бери кызмат өтөп келет. Учурдагы абалы жана келечеги кандай?

 Айылдагы маданият үйүнүн уюштуруучусу Бакыт Давлетов аткарылган иштери жана келечектеги  маданият үйүнүн максаттары менен тааныштырып өттү.

 Бул кызматта 3 жылдан бери иштеп келем. Бул маданият үйүндө жыйналыштар, даталуу күндөр жана ыр кеселер, концерттер  өтүп турат.

Айыл элин маданият үйүнө тартуу үчүн кандай кызматтарды аткарасыздар?

 Ыр кеселерди өткөргөндө айылда ачылбай жаткан таланттар көп экен. Ошолор менен иштешебиз. Быйылкы жылы “Шайыр апалар” тобун түзүп, чоң концерттик программада концерт койдук. Эл жакшы кабыл алгандыктан коңшу айылдарга барып коюп келдик.

Концерттик иш чаралардан башка дагы эмне менен алектенесиздер?

 Атайын бекер  вокал, аккардеон, чебер колдор  аттуу кружокторубуз бар. Буга мектеп окуучулары тартылган. Мектептин музыка мугалими Жумагүл Өмүрова  жана кол эмгек мугалими Гулмира Усукеева жана өзүм  болуп, үчөөбүз окутабыз.

Маданият үйү талапка жооп береби?

 1968-жылы курулгандыктан талапка жооп бербейт. Оңдоп түзөп алып иштеп жатабыз. Көптөгөн проектилерди жаздык. Былтыркы жылы АРИСтен келишип, оңдоп беребиз бирок талапка жооп бербей калат экен, имарат өтө эски деп баштартышты. Ага карабай эле проектилерди жазып жатабыз. Бирок менин оюмча жаңы эле имарат куруу керек. Буга көөп акча каражаты жумшалат. Аппаруралларыбызды былтыркы жылы колдонулган болсо дагы айыл өкмөтү  жана өзүбүз акча чыгарып сатып алдык.

Быйыл жылга коюлган иш чаралар кандай

 Буюрса жайлоого барып, чабандарга концерт коюп келсекпи деп жатабыз. Анан көчмөндөр оюнуна Нарын райондук маданият үйү менен биргеликте даярдыктар жүрүп жатат.

Даярдаган: Айзат Түмөнбаева,Ырысбай Адамалиев

«Мыкты макала» сынагы үчүн