“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Тоо койнундагы кооз капчыгай “Кайыңды”

4 Август 2018 жыл 20:18
Көрүүлөрдүн саны: 104

Кайыңды токою Нарын районуна караштуу токой чарбасына карайт. Бул жай атайын эс алуу борборуна айланганына үч жыл болду.

Өтө алыс эмес жайгашкан “Кайыңды” эс алуу борбору туристтерди жана атайын эле тоо койнуна эс алууну каалагандар кардарларды 3 жылдан бери тээлеп келет. Телөө кызматтары жана келечектери иш аракеттери жөнүндө эс алуу жайынын директору  Жумабек Турдалиев төмөндөгүчө маек курду.

Эс алуу жайдын аталышы жөнүндө жана башка борборлордон айырмачылыгын баса белгилеп кетсеңиз.

“Кайыңды” деп аталып калышынын дагы бир себеби капчыгайдын оосунда кадимка ак кайыңдар болгон экен. Учурда ал кайыңдар жок. Капчыгайдын  ичинде болгондуктан карагайлуу.Бул токойдон четин, тоо карагат, бөрү карагат, арча жана ар түрдүү тоо гүл, чөптөрүн кездештирсе болот. Анан капчыгайдын ичинен агып түшкөн мөңгү суусу “Күлүк суу” деп аталат. Бул аталышты илгери ата бабаларыбыз ат таптап, күлүк чапкан маалда атайын ушул жайга келишип аттарын тапташкан экен, ошол себептүү “Күлүк суу” аталып калган деген имиштер бар. Жалаң кырргыз боз үйлөрүнөн төртөө тигилген. Алгачкы жылдары 2 эле боз үй менен кызмат көрсөтсөк, жыл сайын сандарын көбөйткөнгө аракет кылып келебиз. Себеби сырттан келген конокторго кыргыз мейман достугу менен көчмөн  калктын  жашоо турмушун даңазалоо.  Боз  үйдүн кийиздери күндүз кечке ысыкты ичке өткөрбөй өзүнө сиңирип алып, түнкүсүн үйдүн ичине өткөзөт экен. Муну бизге чейин эле туристтер изилдеп алышып, суроо талап боз үйгө көп болот экен. Эң эле баса белгилеп кетчү нерсеси Нарын шаарынан 40 км аралыкта жайгашкан. Чоң трассадан бул жайга чейин 2,5 км.

Үч жылдан бери кандай кызматтарды көрсөтүп келесиз жана баа наркы кандай, кимдер тээлейт.

Аз убакыт ичинде Нарын районуна таанылып калдык. Атайын эс алуу үчүн үй бүлөлөрү, кошуналары жана шерине бергендер келип боз үйлөрдү арендага алып эс алып кетишет. Келген кардарлар тамак ашын эле алып келишет. Боз үй менен бирге идиш аяк, очок, самоорлор берилет. Эгер кой сойдурушса, союп, тамагын, салатын жасап бышырып, идиш аяктарын тазалаганда 5000 сом болот.Мезгилдик жумуш оорду менен 2 оорун камсыз болот. Туристтер, коноктор көп болгондо 4 оорун менен кыз, келиндер иштешет. Күнүнө  ар бирине 500 сомдон төлөнөт. Быйыл кымыз чыккандан баштап 15- июлга чейин “кымыз менен дарылоо” кызматын көрсөттүк.

Туристтер кай тараптан келишет

Европадан, кытайдан келишет. Быйыл биринчи жолу арабиядан келишти.

Келечектеги максаттарыңыз

Алдыга койгон максаттарыбыз өтө көп. Жайкысын боз үй лагерин куруу болуп жатат.Туристический маршрут түзүү. Свет, жол маселелери да бар. Быйылкы жылдан баштап архитекторный план деп коёт экен ошонусу жасалып жатат. Ошол иштер бүтсө бир партнёр чыгып жатат, колдоп берсе этно стилдеги эс алуу жайына айланат деген ойлорубуз бар.

Ишиңизге ийгилик.

Даярдаган Айзат Түмөнбаева.

«Мыкты сүрөт» сынагы үчүн