“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак айылында бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү белгиленди

21 Сентябрь 2018 жыл 17:24
Көрүүлөрдүн саны: 105

Азыркы учурда бүткүл дүйнө тазалык үчүн күрөшүп, көптөгөн иш аракеттерди жасашууда, мисалга алсак жума сайын өтүлүүчү ишембиликтер.

Тазалык бул адам өмүрүндөгү эң бир маанилүү нерсе. Тазалыкты мейли үйүңдө болобу, мейли көчөдө же башка өлкөдө болсоң дагы сактай билүүң керек. Азыркы убакты бүткүл дүйнө жүзү тазалыкты сактоо үчүн күрөшүүдө. Эң биринчиден өзүңдү андан соң айлана чөйрөңдү, айылыңды таза кармасаң, өлкөң да таза болоору чын.

Куланак айылы да бул иштерге көз жумуп коюшкан жок. 15-сентябрь шемби күнү айылдагы мектептеги мугалимдер жамааты окуучулар менен биргеликте айлана-чөйрөнү тазалашты.

Окуучулар айылдагы эс алуу паркын тазалашты. Бул тууралуу  окуучуларга » өткөн иш чарага силердин оюңар кандай » деген суроо узатканыбызда мындай  жооп алдык:

» Мен  Абдырахкманова Айжаркын. Абдылда Аралбаев орто мектебинин 11 классынын окуучусу болом. Абдан сонун иш болуп жатат. Окуучулар чогулуп мектептин айланасын жана эс алуу паркын тазалап жатышат. Айлана мурдакыга караганда таза көрүнүп калды. Таштандыларды чогулттук, жолдорлу шыпырып, тазаладык»- дейт ишке кызуу киришкен Айжаркын.

Окуучулар баардыгы биргеликте иш алып барып жатышты. Бүгүнкү ишембилик жөнүндө  мектеп окуучусу Аяна буларга токтолду:

» Мен 7 классынын окуучусу болом. Мындай иш чарага биринчи келишим эмес. Буга чейин  эле келип жүрчүмүн. Бүгүн баарыбыз чогуу мектептин айланасын тазалап жатабыз. Мындай иштер абдан жакты. Дагы болуп турушун каалайбыз»- дейт Аяна өз сөзүндө.( каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты)

Кененирээк маалымат алуу үчүн мугалимдерден да сурадык. Алардан окуучулардын канчасы келгендиги жана эмне иш кылып жаткандыктары тууралуу маалымат алдык.

» Мен   А.Аралбаев орто мектебинде математика сабагынан мугалим болуп эмгектенем. Бүгүн бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү болгондуктан мектептеги жалпы жамаат жана окуучулар болуп ишембиликке чыкканбыз. Баардык жерлерди тазалап, чогулган таштандыларды жоготуп жатабыз. Окуучулар айлананы ирээтке келтирүүгө чоң салымдарын кошуп жатышат.  Ал эми чогулган таштандыларды айылдын четинде атайын таштанды таштоочу жай бар, ошол жакка төгүшөт.

Окуучулар саат 10 до башташкан. Мына азыр саат 13.00 болду. Жумуштарын бүтө жаздап калышты.  Баардыгы активдүү катышып жатышат. Эми үйлөрүнө барып өз короолорун тазалап , ирээтке келтиришет. Мындай иштер көп эле болуп турат. Дагы улантабыз деген ойдобуз» — деп Элмира Асаналиева өз оюн бизге айтты .

Чындыгында эле айлана мурдагыдан караганда кичине болсо да ирээтке келди. Окуучулар менен биргеликте кызуу иш алып барып жаткан Улан агайга да суроо узаттык. Ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:

» Мектебибизде география сабагынан мугалиммин. Бүгүнкү болуп жаткан ишембилик баарыбызга жакты. Ишембиликке 7 -класстан   баштап 11 — класска чейинки окуучулар жана мугалимдер катышышты. Окуучулардын 60 пайызы келди.   Мугалимдердин жана мектеп президентинин көзөмөлүндө иштеп жатышты. Ал эми келбеген окуучуларды кайра дагы чакырабыз.  Алар  калган жерлерди ирээтке келтирип, тазалашат»- дейт ишке берилген Улан Токтогулов.

Баардыгы өз жумуштарын бүткөн соң, үйлөрүнө жөнөштү. Айлана тазарып, кичине болсо да ирээтке келгени байкалып турду. Баардыгы мындай иш чаранын уланышын каалашты. Бүгүнкүдөй ишембиликтер дагы көп уюштурулса, айылыбыз тазарып, өлкөбүздүн тазаланышына салым кошулат эмеспи. Ишембиликтер дагы уланып өткөрүлүп турат деген ишеничтебиз.

    Даярдаган: Альбина Болот кызы, Ырысбай Адамалиев.

«Мыкты макала» сынагы үчүн