“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Айылдагы кен байлыктар четинен изилденип жатат

23 Сентябрь 2018 жыл 20:11
Көрүүлөрдүн саны: 83

Куланак айылы,тоолуу,кокту колоттуу өрөөн болуп эсептелинет жайы салкын кышы суук келгендиктен айыл тургундарынын көбү мал чарбасы жана дыйканчылык менен эмгектенишет.Ошондуктан айылдын кен байлыктарына көп көңүл бурулбай келет.

Аталган айылда ГИПС чыгаруу жайы болсо,дагы бор чыккан жерлери да бар экен.Ал жакта чыккан боорлорду айылдагы А.Аралбаев орто мектебинин окуучулары дагы алып кетип жатышканын билдирди.

Аалы Мамбетовдун айтымында ал жашаган аймактын баардык жагында эле боор чыгышы мүмкүн  деген божомол бар.Бирок аны дайыма эле каза бербестен сурагандар болгондо гана казаарын айтды.

“Мен бул жерде боор чыгарын былтыр байкагам,бирок көп деле кызыккан эмесмин.Короодон көң сайып жатып көрдүм,көп өтпөй огородду тозуп жатканда стойка орнотойун деп оордун казып жатып дагы байкадым,анан борду казууга кириштим.Бул боорду бул жактан каза берсем эле чыгып жатат.Боорду 4, 5 күн эң көп дегенде 1жума кургатабыз,суу болуп калса жукпайт ошон үчүн, аны касып эле күнгө жайып койобуз.Аны күн сайын эле каза бербейм эле казып жатам.”

“Бул боорлор огороддо эле эмес короодо дагы чыгат бирок кышы бою мал киргендиктен билинбей калыптыр.Көңдү жыйнап жатып байкаганбыз бирок аки экен деп ойлогонбуз бирок боор экен ал жактар дагы.”

Баардык айтылып жаткан сөздөр канчалык денгээлде чындык экенин же чынында боор экенин билүү үчүн айылдагы орто мектептин химия сабагынын мугалими Мааметова Клара эжеге бардык эле ал төмөнкүлөрдү айтты.

“Бул боор экен,мындай боор айылда чыгаарын билген эмесмин биринчи жолу көрүп жатам.Бордун негизги составы кальцийдин корбонаты жана азыркы көрүп турган өчүрүлгөн акиташ болуп жатат.Бул акиташ көрүнүктүү эле тургандыктан табияттын таасири астында же жаан жаагандыктан реакция жүрүп аки өчүп бор болуп калган ошондуктан өчүрүлгөн акиташ болуп эсептелинет, ошол жерди канчалык терендетип каза турган болсок суу жетпеген жерлери чыныгы акиташ болушу мүмкүн,аны атайын изилдеш керек,бул чынында бор экен”-деди Клара Мааметова.

Бор демекчи Клара эже менен биргеликте бул бор же акиташ экенин аныктоо үчүн атайын суу менен тажрыйба жүргузүп көрдүк.

“Натыйжада өчкөн акиташ болуп сууда эч кандай кайнаган жок,тажрыйба жүргөн жок десек болот.Колдоно берсе болот деп кошумчалады”-химик Мааметова.

“Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей эле  байкап көрсөк айылда баардык эле кен байлыктын түрү бар сыяктуу,бирок акыркы жылдары баардыгы ачыкка чыгып келүүдө,келээрки жылдарда баардыгы изилденет деген ойдобуз.

Даярдагандар: Ырысбай Адамалиев, Абилназир Нурланов.

«Мыкты макала» сынагы үчүн