“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Өрөөндүк мугалимдер арасында спорттук мелдеш Куланак айылында болуп өттү

24 Сентябрь 2018 жыл 7:41
Көрүүлөрдүн саны: 91

Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде мугалимдер арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү.Бул мелдешке А.Жутакеев,Э.Токтобаев,К.Жусупов,А.Аралбаев орто мектептеринин мугалимдери катышышты.

Ден соолукту чыңдаш үчүн спорт менен машыгыш керек демекчи,Нарын районунун А.Аралбаев орто мектебинде 22-сентябрь күнү өрөөндүк спорттук мелдеш өткөрүлдү.

 

Спорттук мелдеш тууралу Нарын районунун Калыгул Жусупов орто мектебинин директору оюн тууралу оз ою менен бөлүштү.

«Биздин улуу майрамыбыз болгон мугалимдер күнүнө карата атайын,райондук билим берүү тарабынан уюштурулуп жатат.Биздин өрөөндө 5 мектеп бар,ушул майрамга карата биримдикте жакшы мелдеш өткөрүлүп жатат.

Мынакей мугалимдерибиз жакшы даярданып келип,күчтүү дем менен ойноп жатышат,эже агайлардын маанайлары жакшы.Бизди А.Аралбаев орто мектебинин мугалимдер жамааты жакшы маанай менен тосуп алышты»-дейт Гүлайым Исакова.

Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Бейшенбек Иманов бизге мындайча баяндап берди.

-Биз районго даярданып өрөөндүк мелдеш өткөрүп алабыз,азыр жалпысынан Куланак,Жан-Булак,Учкун,Жылан-Арык,төрт мектептин мугалимдери ойноп жатабыз.

Оюндун жети түрү ойнотулуп жатат, алар волейбол,мини футбол,кол күрөш,теннис,аркан азыр биз күткөн жыйынтык дагы чыкты III-оорунду К.Жусупов,II-оорунду Э.Токсобаев,I-оорунду А.Аралбаев менен А.Жутакеев орто мектептери балыбыз бирдей болуп калып биринчи оорунду ошентип эки мектеп алды.

Автор :Дилде Шатан кызы,Сайкал Эрнисбек кызы