“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Тил улуттун жан дүйнөсү

24 Сентябрь 2018 жыл 16:17
Көрүүлөрдүн саны: 160

Ар бир улут өз тили менен сыймыктанып, аны кылымдардан кылымдарга даңктап сактап келишет. Кыргыз тили да кылымдарды карытып өчпөй, өз атын тарых беттерине калтырып келет.

Ар бир эл өз тили менен сыймыктанат эмеспи. Кыргыз эли да өз тилин унутпай, тарых барактарынан өчүрбөй келишет. Дал ушул улуу тилибизди даңктап, жыл сайын 23- сентябрь  «Кыргыз тили»  күнү  белгиленип келет. Бул күнү  өлкө ичинде тилибизге байланыштуу майрамдык кечелер уюштурулат. Куланак айылындагы А.Аралбаев мектебинин окуучулары да бул күндү сыймыктануу менен белгилешти.

Мектеп окуучулары тарабынан даярдалган чакан линейка болуп өттү.

Линейкада балдар жана кыздар тил жөнүндө накыл сөздөрдү, макал — лакаптарды  жана улуу ойчулдардын айткан сөздөрүн  айтып жатышты.

Андан соң кыргыз бийин тартуулашты.

Иш — чаранын  негизинде окуучулар арасында көркөм окуу сынагы болду.

Сынакка 7 — класстан  11 — класска  чейинки окуучулар катышышты. Алар кыргыз эл жазуучуларынын тил    жөнүндөгү ырларын көркөм окушту .

Ошентип тил күнүнө арналган чакан линейка өз соңуна жетти. Окуучулар класстарына жөнөп, андан ары сабактарын улашты.

Бүгүнкү күн тууралуу окуучуларга кайрылганыбызда баардыгы өз ойлорун билдиришти.  Алардын бири  төмөндөгүлөргө токтолду:

» Мен Батырбекова Салкынай 10-классынын окуучусу болом. Эне тилибиз бул биздин эң чоң байлыгыбыз деп ойлойм. Бүгүнкү линейкадан өзүбүзгө көптөгөн нерсени ала алдык. Жыл сайын ушунтип белгилеп турушубузду каалайт элем «- дейт Салкынай. (каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты)

Чындыгында эле баардыгын ою жыл сайын ушундай иштердин кайталанышы болду.  Ал эми мугалимдерге бүгүнкү иш чаранын эң негизги максаты тууралуу сураганыбызда төмөнкү жоопко ээ болдук:

» Мен Абдраева Айтбүбү. Мектебибизде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгекиенем. Бүгүнкү иш тууралуу айтсам абдан жакшы болду. Көркөм окуу сынагы да уюштурулду.  Ага окуучулар активдүү катышышты. Бул сынакты уюштурганбыздын себеби окуучуларды көркөм айтууга көндүрүү, үйрөтүү болчу. А линейканын максаты окуучуларга тил жөнүндө дагы да болсо маалымат берүү эле. Максатыбызга жеттик деген ойдобуз.  Мындай иштерде жеке эле майрам күнү эмес башка убактарда уюштуруп турабыз. Мына эми келе жаткан жумага дагы тил жөнүндө дил баян сынагын уюштурдук. » — дейт Айтбүбү эже өз сөзүндө. 

Ал эми Гүлнур эже да буларга токтоло кетти:

» Мен Солтобаева Гүлнур. Бүгүнкү иш — чара баарыбызга жакты. Окуучулар өздөрүнө кичине да болсо бир нерсе ала алышты деген ойдобуз. Баардыгыңыздарды эне тилибиздин күнү менен куттуктайм. Баардыгыбыз өз тилибизди даңктап, даңазалап жүрүүгө чакырат элем»- деп өз куттуктоосун жана каалосун билдирди.

Кыргыз тили  бул кылымдарды карыткан тил. Тилибиз бул биздин жүзүбүз эмеспи. Ата-бабаларыбыздан калган улуу мурасыбыз да  тилибиз. «Улут болсоң тилиң менен улутсуң» демекчи тилибиз  улутубуздун байлыгы. Баардыгыбыз эне тилибизди көзүбүздүн карегиндей сактоого жана кийинки муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз.

Элдин өмүрү анын тилинде.

Даярдаган: Альбина Болот кызы.