“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Карылар күнүнө карата иш-чаралар өтүүдө

27 Сентябрь 2018 жыл 7:10
Көрүүлөрдүн саны: 178

Куланак айылына караштуу Абдылда Аралбаев орто мектебинде 26-сентябрь күнү,карыларга арналган иш-чара өткөрүлдү.Буга 8-а классынын окуучулары жана класс жетекчиси Эльзада Иманкулова менен биргеликте,айылдагы карылардын үйүн жыйнап,эшиктин алдын тазалап беришти.

Бул 1-октябрь карылар күнүнө карата уюштурулду.

А Аралбаев орто мектебинин 8-а классынын окуучулары жалгыз жашаган карылардын үйүнө барып,аз болсо да жардам кылышты.

Куланак айылынын тургуну Досматов Мухтарбек байкени сөзгө тартканыбызда мындайча жооп берди.
-Бул иш-чара бизге абдан жагып жатат.Карыларга жардам берүү бул ар-бирибиздин милдетибиз деп ойлойм.Мындай иш-чаралар дагы болуп турсун деп айта кетем.Бул балдардын ынтымагын,боорукердигин билгизет.Окуучуларга кааларым окууларына ийгилик жана ар дайым ынтымакта болушсун.
(каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты)
Окуучулар карылардын үйүндө өз милдеттерин аткарып үйдүн айланасын тазалашты
Бул иш-чара боюнча биздин берген суроолорубузга Элзада Иманкулова мындайча жооп берди:
— 8-а класс эки жыл мурун дагы карылар күнүнө карата карыларга жардам беришкен.Бул иш-чаранын максаты жалгыз жашаган кары адамдарга жардам берүү болуп эсептелет.Мындай иш-чаралар дагы болот деген ишеничтемин.»Карысы бардын ырысы» бар демекчи карыларды сыйлайлы жана урматтайлы.

А Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучулары Иманалиева Тамара эженин үйүнө жол тартышты.Ал жактан балдар айлананы тазалап,кыздар болсо үйдүн ичин жыйнашты.Окуучуларга ыраазы болгон Иманалиева Тамара эже мындайча айта кетти:
-Биздин мектептин окуучулары абдан эмгекчил экени көрүнүп түрат.Бул нерсе мага абдан жакты.Мектеп окуучулары карыларга жардам берип, баталарын алып жатканы бул жакшы нерсе.Мындай иш-чаралар дагы болуп турушун каалайм.Балдарга айта кетчү нерсем,дайыма ушундай боорукер болгула чоң-ата,чоң-апаңарды сыйлагыла демекчимин.Мектептин мугалимдерине жана уюштуруучуларга ыраазычылыгымды билдирем.

Окуучулар карыларга жардам берип өз иштерин так аткарып жатышты.
Окуучулардын бири 8-а класстын окуучусу Кемелов Бекжан өз оюн төмөндөгүчө билдирди

  1. -Бизге карыларга жардам берип алардын батасын алган абдан жагат.Бул иш-чара менен биз кичүүлөргө үлгү болгубуз келет.Алар бизди көрүп өсүшөт,ошондуктан аларга жакшы жактарыбызды үйрөтөлү.
  2. (каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты)
  3. Мындан ары да ушундай иш-чаралар болуусуна тилектешпиз.Карылар күнү менен бардык карыларды куттуктайбыз.Карылар биздин насаатчыларыбыз,жаратылыштын жан-дүйнөсү.Карыларды сыйлайлы!
  4. Автор:Дилде Шатан кызы,Жамал Уланбек кызы