“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Эл ичи — өнөр кенчи

28 Сентябрь 2018 жыл 20:41
Көрүүлөрдүн саны: 137

Көл өнөрчүлүк менен өмүр бою алектенген айым жөнүндө баяндап бермекчибиз.Бүгүнкү каарманыбыз Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну  Майрамкүл Дүйшекеева. 

«Эл ичи- өнөр кенчи» демекчи, бүгүнкү каарманыбыз Майрамкүл Дүйшекеева өзүнүн өмүрүнүн көбүн көл өнөрчүлүккө арнаган.

«Кол өнөрчүлүктү бардык эле айымдар өздөштүрсө керек. Мен кичинемден бери эле кездемеден кийим жасап, жиптен ар кандай нерселерли токуп үйрөнгөм.Азыркы учурдада шырдак шырып, жер төшөк жасап, кийим токуйм. Андан сырткары кол машина менен жер төшөк тигем.»

Мен кол машина менен иштегенди Бишкек шаарындагы практикалык училищеден үйрөнгөм. Ошондон бери кол машина менен иштеп келем. Азыркы кол машинамды 15 жылдан бери колдонуп келем»-дейт айым өз сөзүндө.

 

«Жер төшөктөрүмдү өзүм эле жасап алам. Башкалардай болуп сатып албайм.Көп деле убакыт албайт. Башкысы ден- соолукка пайдалуу.  Анткени жүнү таза, табигый. 

Андан сырткары тери ашатам. Терини ашаткан деле бир чоң түйшүк. 

Терилерди ар бирин бирден ашатып чыгам. Алардан көлдөлөң жасайм.

Азыркы учурда жиптен отургучтар үчүн каптамаларды жасап жатам. Каптамалар кооз жана пайдалуу,жана төшөк, сувенир жасап сатам. Кол өнөрчүлүк менен тапкан каражатты майда-чүйдө нерселерге жумшайм.

Булардан сырткары кыргыздын улуттук үйү болгон боз үйдү жасайм. Боз үйдүн кийиздерин жасаганга заказдар келип турат.

Мен негизинен тынч отура албайм.  Бош убактымда гүл өстүрөм. 

Гүл адамга абдан жакшы маанай тартуулайт.  Жана кооздук берет.

Дагы неберелериме өз билген нерселеримди үйрөтөм. Алардын да кол өнөрчүлүккө кызыгуусун каалайм «- дейт каарманыбыз.

Ал эми Майрамкүл апанын небереси Аяна Болотбекова:» Мен апамдан көп нерселерди үйрөнгүм келет. Азыр мен жиптен токуганды гана билем. Дайыма апама жардам берип, жанында жүрүп, көп нерселерин үйрөнүп алгам. Ар бир эле кыз бул нерсенин баарын билиш керек деп ойлойм.» — дейт өз сөзүндө.(каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты)

Кошумчалай кетчү нерсе, Майрамкүл Дүйшекеева «Баатыр эне» орденинин ээси. «Баатыр эне» орденин  5-6 жыл мурун алганын айтты.

» Жети баланы тарбиялап, өз тууруна кондурдум» — дейт каарманыбыз.

Даярдаган:  Гүлшат Бейшекова

«Мыкты сүрөт» сынагы үчүн.