“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Мугалим мөмөлүү дарак

3 Октябрь 2018 жыл 19:02
Көрүүлөрдүн саны: 118

Кесиптердин ичинен эң түйшүктүүсү,  эң кымбаттуу мугалимдик кесип эмеспи. Дал ошол түйшүккө чыдап, балдарга талыкпастан билим берген эже-агайларды сыйлап, барктоого милдеттүүбүз.

Ар бир адам жашоосунда билимге муктаж. Ал билимди баардыгыбыз эле мугалимден алабыз. Мугалимдик кесип чындыгында эле түйшүктүү, оор кесип. Мына бүгүн дал ушул кесип ээлеринин майрамы. Бул күнү Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев ортомектепте да чакан майрамдык кечелер өткөрүлүп, эң алгач таң эртеден мектеп алдына чогулган окуучулар мугалимдерди гүл менен тосуп алышты.

Эже-агайлар бул көрүнүшкө абдан кубанып, жакшы маанайлары менен сактарга киришти. Муну менен эле чектелип калбастан ,андан соң чакан майрамдык кече да өткөрүлүп,

бул мугалимдерге арналган чакан кечени мектептин 11-классынын окуучулары уюштурушту.

Мугалимдер көңүлдүү отурушту.

Окуучулар ар кандай ырларды бийлерди аткарып, эже-агайларга ыраазычылыктарын билдирип жатышты.

Кече бүткөн соң, баардыгы үйлөрүнө ачык маанай менен жөнөштү.  Болуп өткөн иш жөнүндө эже-агайларга суроо узатып көрдүк. Бүгүнкү иш кандай болгондугун сураганыбызда төмөнкүдөй жооп алдык:

Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Эркебүбү Асанбекова бизге кече тууралу мындайча баяндап берди.

«Бүгүн абдан жакшы күн болду. Окуучуларга абдан ыраазыбыз. Биз үчүн күтүүсүз белек болду, концерттери да аябай жакшы деңгээлде өттү десем жаңылышпайм, буга чейин деле мурунку жылдары мындай кечелер өтүп турчу ,бирок быйылкысы мага өзгөчө жакты»- дейт Эркебүбү эже. 

Бул убакта да эжебиз балдарга өз билгендерин айтып берип, сабак өтүп жаткан экен.

Дал ушундай эле суроону мектеп мугалими Тумар эжеге да узатып, төмөндөгүдөй жоопко ээ болдук:

«Мен ушул мектепте көп жылдардан бери эмгектенем. Мындай иш — чаралар жылыга өтүп турат. Быйыл да окуучуларыбыз бизди кубантып отурушат. Баардыгы соонун болуп жатат. Эмгегибизди баалап, ушинтип жаткандарына абдан ыраазыбыз. Окуучуларыбызга кааларым өмүрлөрү узун болсун, эл сыймыктанган, биз сыймыктанган уул-кыздардан болушсун. Кесиптештеримди да бүгүнкү майрамдары менен куттуктайм!»- деп өз ою жана каалоо-тилектери менен бөлүшүп өттү.

Баардык эже-агайлардын окуучуларга ыраазы экендери жүздөрүнөнөн көрүнүп турду. Чындыгында эле мугалим мөмөлүү дарак сыяктуу. Мөмөлөр бул окуткан окуучулары. Мугалимдердин бирден-бир тилеги эле окуткан балдарынын жакшы адам болуп, бир кесиптин ээлери болушу эмеспи. Бизге кабагым-кашым дебестен билим берген эже-агайларыбызга карыздарбыз. Аларды сыйлоого, урамттого милдеттүүбүз. Баардык эже-агайларды майрамы менен куттуктайбыз жана иштерине ийгилик каалап өтмөкчүбүз.

Даярдаган: Дилде Шатан кызы, Альбина Болот кызы