“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак айылынын кооздугуна көрк кошкон биринчи кар

18 Октябрь 2018 жыл 19:47
Көрүүлөрдүн саны: 98

Бүгүн, 17-октябрда Нарын районуна караштуу Куланак айылына кар жаап, айылга өзгөчө кооздук тартуулады. Бирок бул жааган кар түйшүк да жаратпай койгон жок.

Куланак айылына кар 16-октябрдын 17-октябрына караган түнү жаады. Бул окуя түшүмдөрүн жыйнай элек жана кышкыга даярдана элек адамдардын түйшүгүн ого бетер арттырды. 

Бирок жалгыз гана түйшүк эмес айылга өзгөчө кооздук тартуулады. Бул кооздукту биз сүрөт баян менен баяндап бермекчибиз.

Бул жаратылыштын кооздугун сөз менен жеткизе албайбыз. 

Териле элек алмалар шагынан эле тоңуп калганына күбө болдук.

Негизи эле Куланак жаратылышы  боюнча абдан кооз айыл. Жайы-кышы жашыл чөптөр, көпкөк асман. 

Кыш мезгилинде дагыайыл өз кооздугун сактап кала берет.

Бирок бул кардын жаашын күтпөгөн адамдар да болбой койгон жок. Себеби, кээ бир айыл тургундары түшүмдөрүн жыйнап жетишпей калышкан.

Кардын жаашы боюнча айыл тургундарынын ичинен Аида Жумабаева төмөндөгүлөргө токтолду:» Негизи мен октябрь айынын ортосунда кардын эрте жаап, эрте суук түшкөнүнө капа болуп жатам. Анткени,  көптөгөн айыл тургундары кышкыга даярдык көрө элек, түшүмдөрү жыйнала элек.

Негизи кар жаайт, деп күтүп атканбыз. Интернеттен аба-ырайын суук болот деп көрсөтүп аткан»-дейт Аида Жумабаева өз сөзүндө.

(Каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты)

Ал эми дагы бир айыл тургуну Рыскелди Жусубалиев кышка толук даяр экендигин айтып өттү:» Нарын жергесинин климаты катаал, бийик тоолуу болгондуктан кыш эрте түшөт эмеспи. Мурун Советтер Союзу убагында жыл сайын октябрь айында кар жаап,  кайра эрип кетчү.Кийинки жылдарда климат өзгөрүп, жылуу болуп калган.  Эми быйыл кыш эрте түшөт деп айтып жатышат. 

Мен болгон түшүмдөрүмдү жыйнап алгам.  Кар жаайт дегенин угуп отун даярдап алганбыз»-деп айтты каарманыбыз.

(Каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты)

Ал эми мектеп окуучуларынан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө бардык эле окуучулар  чыдамсыздык менен күтүп жатышкандыгын айтышты.

Даярдаган: Гүлшат Бейшекова.

«Мыкты суротбаян» сынагы үчүн