“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Кычыраган кышкы суукка даярдык

18 Октябрь 2018 жыл 20:38
Көрүүлөрдүн саны: 153

Күз айлары аяктап, алдыда кычыраган кыш келе жатат. Куланак айылынын тургундары кыштын келишине даярбы?

Убакыт зымырап өтөт эмеспи. Кечээ эле эшикте жаркыраган жай мезгили эле. Эми көптөн күткөн кыш мезгили кулач жайып келе жатат. Алдыда суукка бөлөнгөн оор күндөр экендиги баарыбызга маалым. Азыркы учурда жер-жерлерде кышка камылга көрүлүп жатат. Нарын районунун Куланак айылында да кышка даярдык башталды. Буга себеп кардын эрте жаашы. Айылдагы мекемелер кышка даярбы деген суроо көптөрүбүздү эле кызыктырат эмеспи,андыктан мекемелердин, айыл тургундарынын даярдыгы туурасында билүү үчүн , айыл өкүмөттөгү кызматкерлерге кайрылдык.

Ал жакка барганыбызда жумуш ордунда жоопту катчы Тилебек Жумабаев эле  бар экен. Элдин кышка даярдыгы кандай жана мекемелер толугу менен кышкы суукка даярбы деген суроолорубузга ал мындайча жооп берди:

» Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагында азыркы учурда аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп кетти. Мына кечээ эле баарыбыз күбө болгондой каар да жаады. Эшикте күн суук. Кыш келип калды десек деле болчудай. Негизинен кышка даярдыктар жүрүп жатат. Мекемелерге толугу менен таш көмүр берилген. Канча санда экендигин так айта албай жатам. Андан сырткары жыл сайын майыптырга деп 15 тоннадан 20 тоннага чейин  көмүр берилет. Биздин мекемеге учурда 20 тонна таш көмүр түшүрүлдү. Бир гана көмүр жакпайбыз, электр аркылуу да жылыйт.

Жылуулук учурда бериле элек.1- ноябрдан баштап берилет. Азыр эшикте да унаалар менен көмүр турат.

Элдердин учурда каражаты жокпу, эмнеге билбейм, көп албай жатышат»

Өзүңүз кышка даярсызбы  деп сураганыбызда:

«Ооба, толук кандуу даярмын десем болот.  Үйүмө 2 тонна көмүр түшүрдүм.Кышкыга жетет. Жетпесе дагы көрө жатарбыз»- деген  жооп кайтарды жоопту катчы Тилебек Жумабаев

Көчөлөрдө көмүрү менен унаалар тургандыгына күбө болдук.

Ал убакта үйүнө көмүр түшүрүп жаткан айыл тургунун кепке тарттык.

» Куланак айылынын тургуну болом.  Аты- жөнүм Досматов Муктарбек. Азыр кыш жакындап калгандыктан үйүмө көмүр түшүрүп жатам. 3500 сомдон алдым 1 тоннасын. Үйдө карыган апам бар. Кышында дагы алабыз. Эгер жетпесе. Азыр 2 тонна алдым»- деп өз даярдыгы туурасында бөлүшө кетти.

Кышка мынтип даярданып жаткандар да аз эмес. Жолдон тургундарга суроо кылганыбызда, Гүлмира айым буларга токтолду:

» Нарын районунун Куланак айылынын тургуну Усукеева Гүлмира болом.  Кышка толук даярдандым деп айта алам. Отун-суум даяр. Көмүрдүн баасы быйыл деле жылдагыдай. 3500 сомдон алдык»  

Көмүр түшүрүп жаткан адамдарга да кызыгып, суроо берип көрдүк. Алар  бул жердик эмес экендиктерин жана айылга көмүр тартып иштешээри туурасында айтып өтүштү. Алардын бири төмөнкү маалыматтарды берип өттү:

» Мен Нарын шаарынын тургуну болом. Аты-жөнүм Ырыскелди Абдырайымахунов. Көмүр тартып иштейм. Азыр негизинен биздин билүүбүз боюнча эл ичинде кышка даярдык аз. Мунун бирден бир себеби болуп акча жоктугу. Учурда көмүр 3500 сомдон 3800 сомго  чейин. Көмүрдү Кара-Кечеден алабыз. Ал жактан 1300 сомдон болот. Жол үчүн 1500 сом кетет. Ал эми жакын айылдарга 3000 сомдон   айланат. Бир эле Куланакка эмес башка айылдарга да барып жатабыз. Бир дагы айыл толук даяр деп айта албайм. 70 пайызы даяр эмес»

Баардык эле тургундар көмүр менен эле эмес, арасында отун, көң жыйнагандары да бар.

Мына ошентип айыл тургундарынын, мекемелердин кышка даярдыгы туурасында билип кайттык. Алдыда кычыраган кышкы суук кылычын сунуп турат. Даярдыктар муну менен гана чектелбейт. Айыл эли толугу менен даярданып, каражат меселелери чечилет деген ойдобуз.

Даярдаган: Альбина Болот кызы, Жаркынай Эсенгулова

«Мыкты макала»сынагы учун