“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Көптөн күткөн футбол аянтчасы

22 Октябрь 2018 жыл 20:02
Көрүүлөрдүн саны: 74

Нарын районуна караштуу Куланак айылында футбол аянтчасы курулуп жатат.Бул аянтчаны мектептин окуучулары чыдамсыздык менен күтүүдө.

Бул аянтча Куланак айылында көп убакыттан бери курулуп келет.Ушул жөнүндө Абдылда Аралбаев атындагы орто мектептин окуучусу Азирет Орденбековдон сураганыбызда мындайча айта кетти:

«Биздин мектепте футбол аянтчасы курулуп жатканына абдан кубанычтамын.Анткени окуучулардын көп бөлүгү футболчу болууну самашат,ошондуктан бул аянтча чоң шарт түзүп берип жатат.Эгерде аянтча курулуп бүтсө көптөгөн таймаштарды,оюндарды өткөзмөкпүз.Ал эми коңшу айылдарда көптөн бери футбол аянтча бар.Биздин айылда гана жок.Жакында ийгиликтүү курулуп бүтөт деген ишеничтемин.Окуучуларга кааларым ар дайым ден-соолуктары чың болсун. Биздин айылдан дагы жакшы футболчулар чыгат деген ойдомун»-деп Азирет өз сөзүн жыйынтыктады

(каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты)

Бул аянтчага жалпы канча акча каражат бөлүнгөн,ким тарабынан ишке ашырылып жатат.Жабдыктарга акча каражат толук жетеби деген суроолорубузга Стам Ишенбек уулу мындайча жооп берди:

«Куланк айылына 2016-жылы элдин демилгеси менен бул аянтчаны куруп баштаганбыз.Ал учурда марафон өткөрүлүп 300 000 ге чукул акча чогулуп бул акчага жабдыктарды алганбыз.Ал учур шайлоо болуп жаткан кез болчу ошондо «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү биздин мурдакы губернатор Канатбек Муратбеков бул ишти ноябрга чейин бүтүрсөңөр астына төшөлүүчү жабдыгын камсыздайм деп айткан.Бирок бул нерсе ишке ашырылган жок,ошого карата бул иш бир азга токтоп калды.Быйыл 2018-жылы кайра куруп баштадык.Биз Швейцария өлкөсү колдогон «Өнүктүрүү саясаты» менен иштештик ал жактан биз 1 000 000 сом утуп алып кура баштадык.Футбол аянтчасына  Учкун айыл өкмөтү,мектеп жамааты жана Куланак эли каралашты.Эми бул аянтча  ноябрь айынын аягына чейин бүтөт деген ишеничтебиз,ошондо ачылышы болот.

Бул футбол аянтчасын биз чыдамсыздык менен күтөбүз.Мектептин окуучуларына чоң шарт түзүп бергени турат.Бул дагы айылыбыздын өнүгүп жатканын билгизет.

Даярдаган:Жамал Уланбек кызы.

«мыкты макала»сынагы үчүн