“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Кыргызымдын коңур үндүү комуз ийрими ачылды

2 Ноябрь 2018 жыл 18:35
Көрүүлөрдүн саны: 242

Нарын районунун Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде кыргызымдын улуттук баалулугу болгон комуз ийрими ачылды. Кружокко мектеп окуучулары катышууда. Үч бороо жалгыз теек үч кыл комуз,Чертилбейт күүгө келбейт чебер колсуз. Оп оңой көргөн көзгө жөп жөнөкөй,Бирок да өнөрү бар айтып болгус . Кылымдан кылымдарга көксөй -көксөй, Жыргалдуу биздин ушул күндү көздөй.Бул комуз көп сууларды кечип келген .Эли  да комузундай жөп -жөнөкөй -демекчи.  Бүгүнкү күндө Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде окуучулар үчүн комуз ийрими ачылды. Биз бул иш чара тууралу кененирээк маалымат алуу үчүн кружокко баш бакканыбызда, айыл тургуну Кундуз Салымбекова жаш таланттарга комузду чертүүнү үйрөтүп жаткан экен. Ал бизге төмөндөгүлөрдү баяндап берди :Мен Кундуз Салымбекова Куланак айылынын тургунумун, мектепте комуз кружогунан берген мугалим болом. Ушул жылдын сентябрь айында комуз ийрими ачылган. Азыркы учурда 25 окуучу катышып, күүлөрдү чертүүнү үйрөтүп жатам. Ал эми үйрөнгөндөрү үчүн айына 250 сомдон төлөшөт.Буга ата-энелери каршы болгон жок. Бул кружокко тандалган гана балдар катышууда. Алардын комузга болгон шыгына, угуу сезимине жараша тандап алганбыз. Эгер арасынан эң жакшы комузду черткендери чыкса өрөөндүк жаш таланттар конкурсуна жиберебиз деген үмүттөбүз.Негизи бул комуз ийримин ачууну көптөн бери эңсеп келгем. Ата -бабаларыбыздан калган ыйык аспабыбызды бизден кийинки муундарыбыз аздектеп сактап калышса деген ойдо элем. Менин бул максатымды ишке ашырууда музыка сабагынан берген мугалимибиз Жумагүл Өмүрова көмөктөштү-деп өз сөзүн баяндады. 
Андан соң окуучулардын бирине суроо узатканыбызда төмөндөгүлөргө токтолду:

Мен Бермет Дүйшөналиева А. Аралбаев атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусумун. Азыркы учурда комуз ийримине катышуудамын, бул ийримге катышканымдын себеби көп жылдан бери кызыгып келем. Комуз бул биздин ата -бабаларыбыздан калган ыйык мурас. Азыркы учурда комузду черткендер арбын гана,ошондуктан мен бул кружокко катышып,чет жерлерге барып Кыргызстанды тааныткым келет,-деп өз ойун билдирди.


Ушуну менен эле токтолуп калбастан, башка окуучуларгада суроо бергенибизде Наят өз ойун төмөндөгүдөй билдирди :

Мен  Наят Бакытбекова А. Аралбаев атындагы орто мектебинде 5-классынын окуучусумун. Азыркы учурда комуз ийримине катышуудамын, комуз бул биздин ыйык аспабыбыз, ар дайым барктап, сактап калуу биздин  милдетибиз деп ойлойм.Менин бул ийримге катышуума ата-энем каршы болгон жок. Тескерисинче колдоп, макулдугун беришти. Кечекте көптөгөн ийгиликтерди багындырам деген ойдомун. Ийгиликтер дагы алдыда эмеспи, убакыт баарын көрсөтөт, -деп өз сөзүн аяктады.

Автору :Сайкал Эрнисбек кызы