“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Колунан көрү төгүлгөн өнөрлүү айым.

3 Ноябрь 2018 жыл 14:00
Көрүүлөрдүн саны: 213
  1.  Кол өнөрчүлүктү кичинесинен эле өздөштүрүп келе жаткан айым тууралуу айта кетсек. Ал Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Молдалиева Саадат.

Мен эң биринчи түймө түйүп үйрөндүм аны бала кезимде апам үйрөткөн. Мага биринчиден кол кап, байпак түйгөндү ошондо үйрөнгөм. Мектепте Алыкулова Бурул эже түймө түйдүрүп, кийим бычканды, чий согуп, чий чырмап чий сатканбыз. 

  1.      Ал акчаны биз мектептен өзүбүзгө керектечүбүз. Анан куракты кийинчерээк үйрөндүм.
  2.  Турмушка чыккандан кийин өзүм кызыгып курак курап баштадым. Андан кийин»чымын канат» деген куракты үйрөнүп курап баштадым. Андан тышкары   » мүйүз »  деген курактыда өздөштүрдүм. Ага кыргыздын оймо — чиймелери түшүрүлөт. 

     Бул курак аркылуу көп эле каражат таптым. Ал учурда жашоо-турмушка,           тамак-ашка, балдардын окуусуна жер төшөк курактарды сатып каражат таптым.

Ал тапкан каражат үйдүн керектүү оокатына жарады. Бирок түймө боюнча ийрим ачайын деген оюм жок- дейт Молдалиева Саадат эже өз сөзүндө.

Каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты.

Даярдаган: Кайрат Болотбек уулу, Абилназыр Нурланов

«Мыкты макала» сынагы үчүн