“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Көптөн күткөн күпкө маселеси орундалды

9 Ноябрь 2018 жыл 18:00
Көрүүлөрдүн саны: 128

Нарын  районуна караштуу Куланак айылында жаңы күпкөнүн ишке берилгенине 1 айдын жүзү болуп калды.  Бул айдын ичинде күпкөгө төрт миңге чукул кой салынды.

Жаны ишке берилген күпкөнүн алдыдагы иштери тууралуу  Куланак айылынын вет адиси Райымбек Кеңешбеков төмөнкүчө билдирип кетти.

  “Мен Нарын районуна караштуу Куланак айылында вет адис болуп эмгектенем.  Күпкөбүз жаңы ачылды, стандарт, евро түрүндө  салынды. Ишке киргенине 1 ай болду.  Жакынкы аралыкта төрт миңге жакын кой салынды. Эски күпкө менен жаңы күпкөнүн айырмасы   эскинин узундугу 6 метр жана ал стандартка жатпайт. Жаңы күпкө жок болгонуна байланыштуу буга чейин эскисине салып келдик.

Ал эми азыркы жаңы күпкөбүз стандарт, ичине 12 тонна суу батат, мурункусуна 5 тонна суу батчу.  Мурда кыска күпкө болуп эки салмайын оорулар улам-улам чыга берген. Котур оорусу бул кой менен эчкиде кездешүүчү, тери менен жүндүн ортосундагы оору.  Мурда дарыларды сая бергендиктен койдун организми сезбей калгандыгына байланыштуу быйыл күпкөгө адамдардын 80-85% салды.

Күпкөгө салынгандан кийин ооругандыгынын бир эле себеби бар. Ал түнөп калган сууга эртеси кайра салганда ооруйт. Азыркы учурда андай ооругандар жок. Дарыларыбыз сертификат менен келет. Көрүнгөн дарыларды сатып ала бербейбиз. Күпкөгө азыр көптөгөн дарылар колдонулат. Алардын эң начары-неацидол, андан кийинки эң күчтүүсү индизол жана реацидол.  Азыркы учурда малдардын арасында оорулар чыкпай калды”- дейт  Райымбек Кеңешбеков .

Андан соң айыл тургуну  Нурбек Аскарбеков күпкө тууралуу өз оюн төмөнкүчө билдирди.

  “Күпкөгө малды бир жылда эки жолу салат, жазга чукул жана күзүндө. Сөзсүз салуу керек. Элге, балдарга залакасы тийбеш үчүн малды дарылообуз шарт. Себеби  өзүбүз ошол  малдын этин жейбиз, жүнүн кыркып пайдаланабыз.  Ошондуктан бизге ал малдын тазалыгы маанилүү. Убагы менен ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүп туруу керек. Күпкөгө малдарын салып жатышат, бирок мен күпкөгө салынган малдын ооруганын азырынча кездештире элекмин”- дейт айыл тургуну Нурбек Аскарбеков.

Жогорудагы айтылган кеңештерди туура жана убагы менен аткарсак, малдар ар кандай оорулардан арылат деген ойдобуз.

Даярдагандар: Бегимай Талантбекова, Абилназыр Нурланов