“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Тратуарлар талапка жооп бербегендиктен адам өмүрүнө коркунуч жаралып жатат

14 Ноябрь 2018 жыл 17:23
Көрүүлөрдүн саны: 90

Куланак   айылынын борбордук көчөсүнүн тратуарлары талапка жооп бербейт. Ошол себептен айыл тургундары автоунаалар өтүүчү жол менен басууга туура келүүдө.

Аталган айылдын тургуну Кызылгүл Жолбуновага тратуарлар «талапка жооп береби» деген суроону узатканыбызда төмөндөгүчө жооп берди:

«Куланак айылы негизинен чоң айыл. Жашоочуларыбыз өздөрү тратуарларды жоготуп,  короо кылып тосуп алып жатышат.  Бардык айыл тургундары тратуарларды тазалап жана чыгарып коюшса адам өмүрүнө коркунуч жаралмак эмес»-деди айыл тургуну Кызылгүл айым.

Ал эми Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Тилебек Калмакович бизге берген маегинде айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын белгиледи: 

«Учкун айыл өкмөтүнүн бюджети ченемдүү болгондуктан жөө адамдар басуучу тратуарларды оңдош үчүн көп суммадагы акча каражаты керектелет. Тратуарларга төшөлүүчү асфальттар кымбат турат экен. Ошого байланыштуу тратуарлар оңдолбой келе жатат. 

Биз көп жолу айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүздүк,бирок кайра эле тосуп алып жатышат.

Тратуарларга шагылдарын төгүп салып жатышат, биз ал суроо боюнча керектүү органдарга чейин кайрылганбыз. Алар келип төгүлгөн шагылдарды тазалатат.

Эгерде бюджетибизге көп акча каражаты топтолуп калса тратуарлар оңдолот деген ойлорубуз бар.»- деп билдирди каарманыбыз. 

Бишкек-Казарман жолу салынганда бул тратуарлар курулган экен. Ошол убакыттан бери капиталдык ремонттон өтө элек экендиги көрүнүп турат.  

Келечекте оңдолуп калат деген үмүтүбүз чоң.

Даярдаган: Ырысбай Адамалиев, Гүлшат Бейшекова.

«Мыкты макала сынагы үчүн »