“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Чыңгыз Айтматов ааламга адамдын мыкты белеги

15 Ноябрь 2018 жыл 19:56
Көрүүлөрдүн саны: 130

Бүгүн,15-ноябрда Нарын районуна караштуу Учкун айылында Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын утурлай «Чыңгыз Айтматов ааламга  адамдын мыкты белеги» аталышындагы мугалимдер арасында конкурс болуп өттү. Аталган конкурска беш айылдын мугалимдери катышты.

Бул сынакка Учкун, Куланак,Жан-Булак, Жылан-Арык, Достук айылдарынын мектептеринин мугалимдери катышышты.

Аталган конкурстун уюштуруучусу Нарын райондук билим берүү уюмунун усулчусу  Бурул Орозалиева айымды кепке тарттык:

«2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү» жылынын алкагында Чыңгыз Төрөкуловичтин урматына арналган  көптөгөн юбилейлик иш чаралар өтүп жатат. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын бардык билим берүү мекемелеринде белгиленип жатат.

Бүгүн биз Учкун айылында «Ааламдан алган даңк» деген ураан менен мугалимдер арасында 6 номинация боюнча конкурс өткөзүп жатабыз.Бул конкурстун максаты Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларынын түбөлүккө сакталуусун, улуулугун даңазалоо максатында уюштурулду. Ошондой эле мугалимдердин байланышын күчөтүү,жаш мугалимдерге стимул болуу максатында болуп өттү.

Чыңгыз Айтматовдун ар бир чыгармасына сценкаларды көргөзүп, көркөм окуулар айтылып,  буклет,макеттер жасалып эң жогорку деңгээлде өттү.»-деп билдирди каарманыбыз.

Ал эми бул конкурска катышып өз күчүн сынаган Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинин  англис тилчи мугалими  Наргиза Рахматова  төмөндөгүлөргө токтолду:

«Бул конкурс бизге абдан чоң таасир калтырды. Анткени Чыңгыз Айтматов атабыздын улуулугун даңазалаган конкурска катышуу биз үчүн чоң сыймык. Атаандаштарыбыз чындыгында күчтүү экен. Абдан мыкты дээңгелде даярданып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. 

Бул таймашта биз бийлеген «Бугу эненин мээрими» бийи «Мыкты бий» номинациясында 1-орунду ээледи. Чындыгында эле абдан чоң жетишкендик болду десем жаңылышпайм.»-дейт Наргиза айым.

Кошумчалай кетчү нерсе, ар бир номинациядан жеңүүчүлөр табылып, атайын грамоталар менен сыйланышты. Жана ошондой эле биринчи орунду ээлеген командалар райондук турга барып өз өнөрлөрүн тартуулашат.

 

Даярдаган:Гүлшат Бейшекова

«Мыкты макала» сынагы үчүн