“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Таттуу азыктарды жасап ишкерлик кылган айымдар

22 Ноябрь 2018 жыл 18:55
Көрүүлөрдүн саны: 84

 Куланак айылында айрым айымдар өз колунан жасалган таттуу азыктарды айыл тургундарына сатышууда. Бул жумуш менен алектенген айымдарды кепке тарттык. 

Куланак айылында көптөгөн айымдар жумуш орду менен камсыз болушкан эмес. Бирок,алар жөн гана отура бербестен үйлөрүндө таттуу азыктарды жазап үй-бүлөсүн кичине болсо да акча каражаты менен камсыз кылып турушат.

Алардын бири айыл тургуну Асель Нурдинова.

» Азыркы учурда ушул эле айылда таттуу азыктарды өз колум менен жасап сатуудамын.Менин бул иш менен алектенгениме бир жылга жакындап калды.Бирок учурда балам кичинекей болгондугу үчүн көп иштеген жокмун.

Мурда нан жасап Нарын шаарына дүкөндөргө койчумун.Келечекте бул кесипти өркүндөтсөм деген оюм бар.»-деп билдирди каарманыбыз. 

Ушундай эле кесип менен эмгектенген Жазгүл Азыкбаева  төмөндөгүлөргө  токтолду:

«Бир жылдан бери булочка,нан жана башка нерселерди жасап дүкөндөргө коём.

Менин азыктарым Куланак жана Учкун айылдарында сатылат.Түшкөн каражат өзүбүзгө жетет.Кээде буйрутмалар дагы келет.Азыркы учурда элдер мени таанып башташты буйрутмалар көп түшүүдө.

Тойлорго ар түрдүү нандарды жасайм.Бул нерсени элдер жакшы кабыл алышат.Кубануу менен азыктарымды алышат.Шартыма байланыштуу чоң кондитердик цех ача албайм.Өзүмө ылайыктуу жакшы сапаттагы нан жасаган техника алсам деген оюм бар.»-деди Жазгүл айым.

Бул иш менен алектенгендер айылда көбөйүүдө.Айыл тургундары алардын жасаган азыктарын кубануу менен кабыл алышат.Анткени азыктар эч кандай кошулма жок натуралдык түрдө жасалат.

Бул кесип менен алектенген айымдарга ишине ийгилик кааламакчыбыз.Айыл тургундарын гана эмес башка дагы аймактарды азыктары менен камсыз кылууларына тилектешпиз.

Даярдаган: Жамал Уланбек кызы,Гүлшат Бейшекова

«Мыкты макала»сынагы үчүн