“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Көчө иттеринин залакасы

26 Ноябрь 2018 жыл 15:18
Көрүүлөрдүн саны: 189

Куланак айылында кароосуз калган көчө иттери көбөйүп, айыл тургундарын түйшөлтүүдө. Ачка болгон иттер короодогу малга кол салып, керек болсо жеп кетишүүдө.

Айыл элинин көпчүлүгүн тынчсыздандырган көйгөй бул көчө иттеринин башкача айтканда кароосуз жолбун иттердин көбөйүшү. Кароосуз калган иттер элдердин короосуна кирип,  ал жактагы малга кол салууда.  Бул тургундарга чынында эле чон көйгөй жаратат. Короодогу малынан кол жуугандардын саны күн санап өсүүдө. Алардын бири бизге төмөндөгүчө баяндап берди:

» Аты-жөнүм Жакшылык Болот уулу. Жашым 29 да. Айылда мал чарбачылыгы менен алектенем. Мен да мындан бир жыл мурун көчө иттеринин айынан  малымдан кол жуугам. Ал убакта  байлаган 15 тей кой-козум бар болчу. Аларды күндө үйгө жакын жердеги огородго эртең менен киргизип келчүмүн. Ошол күнү деле койлорду ал жакка тыштап, өзүм үйгө келе бергем. Түш ченде койлордун үйгө качып келгенин көрүп, кайра алып барып  киргизип койгом. Кечинде айдап келүүгө барсам бир козу жетпей калды. Табылып калаар деп үйгө башкаларын айдап келгем. Кечинде кошуна эже «Ал жакка койлоруңду киргизбей эле койчу, кечке иттер кубалап жүрдү» деп калды. Ошентип жоголгон козумду да бирөөнүн үйүнөн таптым. Ошол үйдүн короосуна барып жашыныптыр. Мал болгудай эмес болчу. Үйгө келип союп салдым.»

Бул окуядан кийин кандайдыр бир жерге кайрылдыңызбы? Мисалы айыл өкмөткө же ит атаарларга?

» Жок. Эч жерге барганым жок. Азыр ушул убакта деле мындай окуялар болуп жатыптыр. Эми буга кандайдырбир иш-чара көрүшсө жакшы болот эле да. Айыл өкмөт ит атаарларды чыкырып, иттерди атышса болмок.  Менин жеке оюм ушул.

( каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты)

Азыркы убакта дагы койлорун жедирген үч-төрт адам бар экен. Бул тууралуу алардын өз ооздорунан уктук. Бирок алар тилекке каршы интервью берүүдөн баш тартышты.

Бул окуялар тууралуу  айыл башкармалыгынын маалыматы барбы деген суроо пайда болду. Айыл өкмөтүнүн иш жайына барсак бул тууралуу маалыматтары жок экендиктеринин жана балким бул чөө болушу мүнкүн деп айтышты.

Көчөдөн жолбун иттерди кезиктирип эле жаттык.

Эмнеси болсо дагы короодогу малынан кол жууган  айыл элине чоң чыгым келип жатат. Бул көйгөй эртерээк каралып, керектүү иштерди жазашса экен деген үмүт  менен сөзүбүздү жыйынтыктамакчыбыз.

Даярдаган: Альбина Болот кызы, Жамал Уланбек кызы.