“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Ч.Айтматовдун 90жылдыгы Нарын районунда мугалимдер конкурсу менен белгиленди

1 Декабрь 2018 жыл 22:43
Көрүүлөрдүн саны: 118

Нарын районуна караштуу Жаңы-Талап айылында 30-ноябрь күнү райондук деңгээлде “Ааламандан алган даңк”темасында мугалимдер арасындагы кароо сынак өткөрүлдү. Ал коңкурска Эмгекчил өрөөнү,8-март өрөөнү,Куланак өрөөнү,Дөбөлү өрөөнү,Кара-Кужур өрөөндөрү катышты.Кененирээк ушул макалада.

Белгилүү жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата ар кандай иш-чаралар өтүүдө,алардын бири “Ааламдан алган даңк”аттуу мугалимдер сынагы.Аталган конкурс 6 номинацияда өтүп өрөөндөрдөн келген  мугалимдер күч сынашты.

Жогоруда аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Акматалиевич конкурстун жүрүшү туралуу буларга токтолду:

“Асанбек Таабалдиев орто мектебинде мугалимдер арасында конкурс өттү.Буга чейин өрөөндөрдүн өз ара таймаштары болгон мыктылары тандалып анан бул жака райондук турга келишти конкурс 6 номинацияда өтүп жатат,жыйынтыгында райондук билим берүү борборунун дипломдору жана баалуу белектери менен 1-2-3-орундарды ээлегендерге  сыйланышат.Тема”Ааламдан алган данк” деп аталган себеби Айтматовдун ааламга,дүйнөгө белгилүү болгонунун натыйжасы.Мугалимдер мына сценкларды көргөзүп жатышат байкасак актерлордон кем эмес аябай жакшы даярданышыптыр”-деди Белеков.

Ал эми кароо сынактын ар бир номинациясы  кызыктуу өткөндөй анткени мугалимдердин Айтматовдун чыгармаларынан образга кирип үзүндүлөрдү  аткарып, монологдорду айтып жаткандарынан байкасак болот.

Сынактын катышуучусу Бахтияр сынактын өрөөндүк туруна 10күн,райондук туруна 15күн даярданышканын белгиледи.

“Сынак абдан жакшы деңгээлде өттү бул кароо сынака биз презентация жана көркөм окуу номинациялары менен келдик башка командалар дагы абдан күчтүү экен катуу даярдык менен келишиптир баардык катышуулуларга ийилик кааламакчымын”.

“Өрөөндүк сынакта биз биринчи оорунду алганбыз ошол себептен райондо күчүбүздү сынап жатабыз дейт”Амантур уулу Бахтияр.  

 Катышуучулар абдан чоң даярдык менен келишкенине күбө болдук,алардын ар бир аткарган рольдору,жазаган куралдары,кийинген кийимдеринен бери абдан оригиналуу болуп кайталангыс таланттарды камтып турганы бизди кызыктырды.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн жазуучубузду ар бир адам билсе керек ал үчүн мындай иштердин баймабай өткөрүлүп турушу кийинки муундар үчүн чоң таасирин калтырат деген ишеничтебиз.  

Даярдаган: Ырысбай Адамалиев.