“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Менталдык арифметика ийрими жакшы ийгиликтерге жетип жатат

18 Декабрь 2018 жыл 16:48
Көрүүлөрдүн саны: 118

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебиниде менталдык арифметика ийрими ачылды. Ага 6 жаштан 16 жашка чейинки мектеп окуучулары  катышууда.

Куланак айылында ачылган менталдык арифметика чоң ийгиликтерди багындырып жатат.
Куланак айылындагы А.Аралбаев орто мектебинде окуучуларга арналып көптөгөн ийримдер иштеп турат .Алардын бири менталдык арифметика ийрими болуп эсептелеп жана азыркы учурда көптөгөн ийгиликтерди багындырып жатышат.
Аталган ийримдин мугалими болгон Гулнура Солтобаева менен маек курганыбызда ийрим тууралуу буларга токтолду.

» Менталдык арифметика ийриминен сабак берем.Менин группамда 10 окуучу бар.Алардын жетишкендиктери жакшы.Өткөн жылы ноябрь айында ачылган.Быйылкы жылы июнь айында 2 окуучубуз менталдык арифметика боюнча IV Эл аралык олипиадага катышып алдынкы орундарды камсыздап келишти.Андан тышкары 3-классынын окуучусу Иманкулов Кутман Дубайга барып супер чемпион болуп келди ушул эле эл аралык олимпиаданын Чолпон-Ата шаарында өткөн турунда Бекарстан Орозакунов чемпион аталды.Окуучулар баарын өздөрү камсыздайт кружок өзү акы төлөнүчү ай сайын 1миң сомдон.Анан олимпиадага барып келген жол чыгымын болгонун ата-эне өзү камсыздайт эч кандай спонсор жок.Китебин өздөрү сатып алышат. 250 сомго алышат.Китеп негизи төрт китептен турат,3 китеп кошуу кемитүү 4-китеп көбөйтүү бөлүү.Азыркы учурда балдар 3-китепти бүтүп калышты. Мин сомдун 30% мугалимге, 70% биз окуп келген окуу жайга түшөт.Толук бүтүшкөндө 4-китепти сатып алышат.Башында баштаганда 20 окуучу менен башталган. Аябай каршы пикир болгон жок, менталдык арифметика балдарга көрүү эс тутумун, логикалык тарапты, эске сактоону өркүндөтөт. Ата-энелердин каршылыгы болгон жок, 1000 сом айыл тургундары үчүн аябай эле кымбат болгондуктан ата-энелер тарабынан акча жагынан каржылай албай аягына чейин окубай, чыгып кеткендер болду-дейт Гүльнур Солтобаева
Белгилүү болгондой Дубай өлкөсүндө супер чемпион аталган, Куланак айылынын тургуну 3 класстын окучуусу, Кутман Иманкулов биздин суроолорго мындай деп жооп берди.

«Менталдык арифметика боюнча өзүбүздүн мектебибизде өткөн олимпиадада 1-орунду алгам.Мага диплом жана белек беришкен.Чолпон-Атада болуп өткөн олимпиадага катышып, ал жактан 2-орунду алдым.Ал жактан мага диплом жана медал беришкен. Чолпон-Атадан кийин Дубайга барып келдим.Дубайдан супер чемпион деген орунду алдым ал жактан диплом, медал жана кубок алып келдим.Башында мени ата-энем бул кружокко катыштырган эмес болчу. Мен өзүм суранып ыйлап анан киргем.Бул окуунун башында Жылдыз эже баштаган,Жумгалдык эже эле.Ал эже менталдык арифметиканын директору. Мен Дубайга, Чолпон-Атага барганда менин жаныма барып келген»-деди Кутман
Ийримдин катышуучусу Бекарстан Орозакунов буларга токтолду.Белгилей кетсек Бекарстан 22-ноябрда Түркия мамлекетинин Анталия шаарында өткөн  олимпиадада 2-оорунду ээлеген .
«Мен А.Аралбаев орто мектебинде 7а классында окуйм.Эсеп турмушта көп жолугушат,анан мен экономист болгум келет,экономист көп эсеп чыгаргандыктан менталдык арифметикага кызыгып катышып жатам.Ата-энем эч кандай каршы пикирлерин айтышкан эмес. Мектепте бир олимпиада болгон,ага катышып 3-орунду алгам.Андан кийин дагы бир олимпиада болуп,анда экинчи орун алып Чолпон-Ата шаарына жолдомо алгам.Ал жактан чемпион деген наамды алып келгем.20-ноябрда Эл аралык менталдык арифметика боюнча олимпиадага катыштым жана ал жактан 2-орунду ээледим»-деди өз сөзүндо Бекарстан.
Аталаган ийрим чынында жакшы ийгиликтерди багындырып жатканына күбө болдук.Окуучуларга алдыдагы сынактарына ийгиликтерди каалайбыз.

Даярдаган:Ырысбай Адамалиев

«Мыкты мультимедиялык макала»сынагы үчүн.