“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Тарых барактары

18 Декабрь 2018 жыл 4:52
Көрүүлөрдүн саны: 148

Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде Уркуя, Үркүн, Курманжан датка, Саякбай Каралаевдер тууралуу сахналаштырылган чакан линейка болуп өттү. Тарыхый инсандардын басып өткөн жолу окуучуларга чоң таасир калтырды.             

Окуучулар тарых барактарындагы инсандардын жашоосун чагылдырып беришти. Бул боюнча кененирээк маалыматты музыка мугалими Жумагүл Өмүрова берди.

 -Бүгүнкү болуп өткөн линейка тууралуу айтсам, тарыхта болгон атактуу адамдардын жашоо турмушу 9-8-класстын окуучуларына бөлүнүп берилген. Мына эми күбө болуп олтурабыз. Менин оюмча ар бир муун тарыхта болгондорду билүүсү абзел жана милдеттүү.

Бул сенка балдарга чоң таасир калтырды жана көп -көп жакшы жактарын берди. Мисал үчүн Курманжан датка энебиздин өз уулун дарга асып жатканда ушул менин кан-жаныман бүткөн балам, сактап калуум керек деп чыркырабастан «Уулум өлүмгө тике кара «деген сөзү эле, өтө чоң тарбиялык нерсе. Жана уул -кыздарыбыз өз көздөрү менен көрүп, ушул заман, ушултурмуш жөн эле келип калбагандыгын түшүнүштү -деп өз сөзүн жыйынтыктң
ады.                                  

Катышуучулардын бири өз ойун билдирди :                  Мен Нуржамал Рахман кызы 9-классынын окуучусумун. Бул линейкада Курманжан датканын образын аткарып бердим. Датка айымдын айкөлдүгү, акыйкатчылдыгы менин кийинки жашоомо сабак болду, кандай жолдордо сабырдуу болууну үйрөндүм-дейт каарманыбыз. (сүрөткө түшүүдөн баш тартты )

8-классынын окуучусу «Манас «эпосунан үзүндү айтып берип, улан кыз -жигиттердин патриоттук сезимин ойготту.

-Мен Даткайым Орозакунова 5-классынын окуучусумун.                           Бүгүнкү кече эң мыкты деңгээлде уюштурулуптур. Мага бул жерден Курманжан датка энебиздин элин -жерин коргоо үчүн уулун дарга асууда көз жашын төкпөстөн, кайраттуулук менен «Өлүмгө тике кара «деген сөзү эле өтө чоң таасир калтырды. Жана ошондой эле Уркуя Салиеванын кайраттуу, тайманбас, акылдуулугуна баа бердим -деп жыйынтыктады. (каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты)

Автору :Сайкал Эрнисбек кызы