“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Кыш мезгилинин өзгөчөлүктөрүнүн бири болгон кышкы эс алуу (+видео)

13 Январь 2019 жыл 11:08
Көрүүлөрдүн саны: 252

Кыш мезгили келип, балдар көптөн күткөн эс алууга чыгышты. Азыркы учурда бош убактыларында эмне менен алек болуп жаткандыктарын билип көрдүк.

 

Балдардын көпчүлүк бөлүгү бош убактыларын муз үстүндө же тоого чыгып чана тебүү менен өткөрүп жатышыптыр. Муз аянтчасында жүргөн Сезим Саламат кызын кепке тартканыбызда ал төмөндөгүлөрдү айтып өттү:

«Азыр үйдө бош отурбастан муз аянтчасына келип, коньки тээп жатам. Кышкы каникул абдан жакшы өтүп жатат. Бул жакка досторум менен келгем» 

Бул жакта жүргөндөрдүн бири да бизге мындайча жооп берди:

» Мен Сайкал Токтомушова, 8-классынын окуучусу болом. Мен дагы бул жерге коньки тебүүгө досторум менен келгем. Эс алуу күндөрүм абдан жакшы өтүп жатат»- дейт каарманыбыз өз сөзүндө. (каарман сүрөткө түшүүдөн баш тартты)

Ошол эле жерди иштетип жаткан Ырыскелди Бейшенбековго да суроо узатып көрдүк:

» Атым Ырыскелди. 9-классынын окуучусу болом. Үйдө бош жатпастан, огородго муз аянтчасын жасагам. Бул жерге жаш өспүрүм балдар көп келишет. Саатына 50 сомдон. Каникул убагында мурдагыдан да көп келип калышты. Өзүм бул жакка келгендерди карап, бош убактымда муздун үстүн кардан тазалайм жана коньки тебем»- дейт Ырыскелди.

Ошентип бул жактагылар менен коштошуп, андан ары жөнөдүк. Жолдон кичинекей балдардын чана тээп ойноп жаткандарына күбө болдук.

Ошол жакта чоңураак балдар чананы ат менен сүйрөтүп көңүлдүү ойноп жүрүшүптүр.

Андан ары бара жатып жолдон дагы бир мектеп окуучусуна суроо узаттык :

«Мен Ардак Русланов.  9-а классында окуйм. Учурда үйдө эс алуумду өткөрүп жатам. Ата-энеме жардам берип, досторум менен тоого чыгып эс алып жатам. Бош убактымды бир гана ушулар менен өткөрбөстөн кээ бир учурларда китеп окуп, интернет булактарынан өзүмө керектүү маалыматтарды алып жатам».

Баардык эле балдар каникул күндөрүн кызыктуу жана пайдалуу өткөрүп жаткандыктарына күбө болдук.

Мындан аркы да эс алуу күндөрүү көңүлдүү болушун кааламакчыбыз.

Даярдаган: Альбина Болот кызы, Жаркынай Эсенгулова,Ырысбай Адамалиев