“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстандын мугалимдери Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинде

23 Январь 2019 жыл 15:32
Көрүүлөрдүн саны: 54

Учурдун талабына ылайык мектептерде билим берүүнү жакшыртуу боюнча Борбордук Азия Университетинде окуу — семинарлар өтүп жатат. Семинарга Кыргызстан , Тажикстан жана Казакстандан келген мугалимдери жана жетекчилери катышты.

Борбордук Азия Университетинин “ билим берүүнү өркүндөтүү” программасынын жетекчиси профессор, доктор Бернадет Дин менен болгон маекти сунуштайбыз.

Программанын максаты

Биздин программанын максаты окуучуларды ар тараптан өнүктүрүү . Кыргызстандагы эл аралык, чет элдик университеттерден окуп, анан өлкөнүн ийгиликтүү инсандарын тарбиялоо.

Кимдердин инициативасы

Биринчиден Борбордук Азия Университетинин демилгеси. Бул программага 20 мектеп Кыргызстандан, 20 мектеп Казакстандан жана Тажикстандын кирди. Эми биз ушул мектептер менен 10 жыл бою биргеликте тыкыз байланышта иштешебиз.

Дагы бир маселебиз Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын 20 мектептерин жакшыртуу жана өнүктүрүү. Ар өлкөдөн алынган 20 мектептер ресурстук мектептер болот. Окутулган мектептер аркылуу биз калган мектептерге жардам берип жайылтабыз. Эң негизги максаттарыбыздын бири бул программада математика, информатика,англис тилин жана табыгий илимдерин окутууда жакшы жетишкендиктерге жеткизүү. Экинчи максатабыз аталган кесиптин мугалимдеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу. Мектептердин өнүгүсүү үчүн бир гана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жетишсиз. Андыктан мектептердин жетекчиликтеринда квалифациясын жогорулатууга багыт алган программаларыбыз бар. Анткени мектеп ийгиликтүү иштеш үчүн жетекчиликтин кесипкөйлүүлүгү максаттуу.

Мугалимдердин билимин өркүндөтүү аркылуу Борбордук Азиядагы мугалимдердин башын бириктирип бири-бири менен пикир алмаштырып, бири –биринен үйрөнүшүнө шарт түзүү.

Мектептердеги алдыңкы тажрыйбалуу практиканы башка мектептерге жайылтуу. Бир гана биздин региондо гана эмес дүйнөлүк деңгээлде да жайылтууну максат кылабыз.

Билим Берүү Министрлиги менен биргеликте иш алып барылабы

Ооба. Биргелешип иш алып барып жатабыз.Дүйнөдө болуп жаткан алдыңкы практика тажрыйбаны гана бербестен биз Министрлик чыгарган окуу стандартындагы жана 21 кылымдын компитенцияларындагы чогуу бирге берип жаткандыктарыбыздын себеби ошондон. Окуу стандартына көңүл бурулат.

Тандалган 20 мектеп эмненин негизинде тандалып алынды

Мектептерди өзүбүз тандаган жокпуз. Баардыгы өкмөт жана министирдик тарабынан белгиленген мектептер.

Азыр биринчи этаптагы иштер жүрүп жатабы

Бул программа жаңы. Бирок биз буга чейин устачылыктын абалын билүү үчүн мектептерде изилдөө жүргүзүп келгенбиз. Изилдөөнүн негизинде мектерди өркүндөтүүгө, план, шарт түзүп берүүгө аракеттенип келебиз. Бул болсо экинчи программабыз. Биз социалдык анализ жүргүзөөрдөн мурундагы документтерди бүт карап чыкканбыз. 3 мамлекеттин окуу стандарттары дагы каралган. Анан дагы дүйнөлүк деңгээлдеги программаларды да салыштырып, учурда окутууга эмнелер керектигин аныктап алып, мугалимдердин билимин жогорулатууга окууга эмнелерди алыш керек, эмненин негизинде программаларды түзүш керек деген багытта да иш алып барганбыз.

Мугалимдерди окуттук деп жатасыздар. Ошол боюнча да бяндап береспи

Мектептердеги анализдин негизинде мугалимдерди окутуу жүрүп жатат. 21-кылымдын компитенцияларын жана дагы маалыматтык жаңы технологияларын сабакта колдонуу боюнча, алдыңкы педагогикалык стратегиялары, окутуу методикалары жөнүндө мугалимдер муктаж экендиги аныкталган. Ошонун негизинде семинарларды өттүк. Ушул семинарда математика, химия, физика жана англис тилинин предметтик мугалимдери окутулду. Маалыматтык технологияларын билим берүүдө кандай максатта колдонушту андан тышкары табыгий илимдерде мисалы физика,химия сабагында тажрыйба жүргүзүү үчүн мектепте ресурс жок болгондо да турмуштан колдонуп ресурстарды тапса болооруна багыт берүү.

Сиздин оюңуз боюнча мектептер жогорудагы талаптарды алып кете алабы.

Биз семинар эле өтүп койбостон, мектептерге да барып жардам беребиз биринчиден. Экинчиден ар бир мектептен төрттөн мугалим чакырдык. Алар чогуу иштеш максатта. Бир мугалим келсе кыйын болуп калат кайра жеринде барып жайылтууда. Үчүнчүдөн мектептин лидерлерин, жетекчилерин чакырдык. Мугалимдерге эмнени үйрөттүк, ошол жөнүндө кабардар болуп жеринде жардам берүү үчүн. Баардыгыбыз чогуу аракет кылсак алдыга койгон максатка жетебиз деп ойлойм

Маектешкен: Ч.Абдыкадырова

Даярдаган: Ырысбай Адамалиев