“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Малга бирка басуунун себеби

29 Январь 2019 жыл 20:56
Көрүүлөрдүн саны: 164

Нарын районуна караштуу Куланак айылында жыл сайын айыл элинин малына бирка басылып келет. Бул ишке эмне себеп жана ким көзөмөлдөйт кененирээк төмөнкү макалада баяндап бермекчибиз.

Азыркы убакта айыл элинин малына бирка басуу жүрүп жатат. Бул иш эмне себептен болуп жаткандыгын жана канча жылдан бери уланып келе жаткандыгы тууралуу айылдагы мал доктур Райымбек Кеңешбековдун өз оозунан угууну туура көрдүк.

» Куланак айылында башкы ветеринар болуп иштейм. Малдарга бирка 2016-жылдын  күз айларында келген.Ошол жылы туура 850 бирка басылган. Бул үч айдын ичинде басылган бирканын саны. Ал эми 2017-жылга жаздан күзгө чейин басылган бирканын саны 1800. 

Бирка баардык эле малдын түрүнө басылабы деген суроого төмөндөгүчө жооп ала алдык:

«Жоок. Ача туяктууларга басылбайт. Ийри мүйүздүү-уй, торпок, топоз жана мамалакка басылуучу бирка. Ал эми кой, эчкилерге басылбайт. Жылкыларга ЖПС (чип) деп деп жатышат. Теринин астына. Буюрса ушул жазда келип калат. 

«Бул иштин максаты малдын санын так билүү. Мурда кой, эчкилерди эмдөөгө  8000 баш малга эле ваксина келчү. Малдын так саны тууралуу маалыматыбыз жок болгондугуна байланыштуу. Жазында биз 18000-19000  кой жана эчкилерди эмдечүбүз. Уйларды да эмдөөгө дары келчү. Биздин жылыга планыбыз 6000 болчу. Аны жаз жана күзгө 3000 ден бөлүп сайчубуз. Азыркы берилген план болсо жазгыга 6500, күзгүгө 4000. Бодо малдарга да ушундай эле бөлүнүп берилчү. Бирканын келиши да ушуга байланыштуу. Анткени бирка менен малдын так санын билип алсак болот жана эмдөөгө да дары ошол малдын санына жараша келип калат. Мурда болжолдуу түрдө эле дары бөлүнсө азыр так санына карап бөлүнөт. 

Азыркы убакта Куланак айылындагы бирка басылган малдын так саны белгилүүбү?

» Ооба, белгилүү. Дал ушул убакта 1900 башка бирка басылган.

Учкун-Куланак айыл өкмөтү болгондуктан эки айылга өз-өзүнчө басылабы же чогуубу?

«Учкунга өзүнчө берилет.Учкун-Куланак планды бир алабыз бирок эки айылдыкы малдын санына жараша бөлүнүп кетет. Учкундун малы Куланакка караганда көп. Жаз-күздөн бери эки айылдагы басылган бирканын саны 7000-8000ге чукулдап калды, бирок так санын бере албайм.»

Даярдаган: Айзат Түмөнбаева, Альбина Болот кызы