“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Катуу сууктан сайдагы суулар ташкындап,үйлөрдөн суу чыкпай калды

3 Февраль 2019 жыл 20:05
Көрүүлөрдүн саны: 107

Куланак айылынын бир капталы Нарын дарыясы менен чектеш болсо, бир капталы жайы-кышы кар кетпеген Тянь –Шань тоосу менен чектеш.

Ушундай кооз жаратылышта кыш мезгили кандай өтүп жатат.
Аска зоонун кучагында жайгашкан Куланак айылы быйылкы кышта кандай күн өткөзүп жатканын баяндамакчыбыз.


Бала бакчага небере жеткизген Төлөева Калбүбү эжени маекке тарттык.
Больницада кенже кызматкер болуп иштейм. Быйылкы суук өтө катуу болуп жатат. 8,30 бакчага неберемди алып келем. Кечинде 5 те алып кетем. Бала эмес өзүм үшүйм. Мына январды аяктап калса деле суук кайта элек.
Суукка байланыштуу отун суу маселеси кандай болуп жатканын сурасак буларга токтолду.
Кыйын эле болуп жатат. Тонналап алдык элек кеп болгон жок. Азыр жарым тонналап алып калдык. Суукта малгада чөптү көп беребиз.Чөптүн баалары 1-2-чабык деп бөлүнөт. Учурда мен 50 боону 130 сомдон биринчи чабыгын алдым. Суук көпкө уланса чөп,отун маселеси баарыбызды кыйнайтко.
Маегибиз супсак болуп калбасын деп көчөөдөн Нурбек Абакиров менен маек курдук.
Быйыл суук катуу болуп жатат. -40 градуска жетип жататко. Сайда суулар ташып, элдер болсо күрөк, ломун алып, сайдагы суунун чагып кетирип жатышат. Күндүз 15-20 градустан кемиген жок. Тоютту болсо колдон келишинче берип жатабыз. Бизде суук узакка жатаарын баарыбыз эле билебиз. Ошондуктан отун сууну кенен камдам алгам. Эми ар кандай кээбири отундан кыйналса, кээ бири тоюттан кыйналып жаткан учур. Көмүр болсо сатыкка аркандай баада келип 3500 сомдон 3800 сомго чейин болуп жатат.
Ал эми үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда да суук маселесинен суу токтоп калганын төмөндөгүчө баяндап кетти.
Жеке эле бизде эмес, бүт Куланак айылында ушул маселе. Үйлөргө кирген сууларда тоңуп калды. Эми биртке күн жылыса бул чечилет деп күтүп жатабыз. Антпесе күн жылыганда суу маселеси чечилбесе иче карын оорулары көбөйөт да – дейт үй –бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Сакен Асанова.
Суук менен келген бул көйгөйлөр айыл элин кыйнаса да үзүлбөгөн үмүт менен жаз келээрин күтүп жатышат.
Даярдаган Айзат Түмөнбаева