“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Малыңыздарга сак болуңуздар

11 Февраль 2019 жыл 13:24
Көрүүлөрдүн саны: 147

Нарын районуна караштуу Куланак айылында мал уурулук боюнча 2018-жылы жана 2019-жылы 6 факт катталган.Бул иш боюнча кененирээк баяндап бермекчибиз.

Биз мал уурулук туурасында канча мал уурдалгандыгы боюнча, Куланак аймактык участковыйга кайрылганыбызда, ал буларга токтолду.

-Мен Нарын райондук Ичкиштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын Куланак айылынын ага милициянын аймактык өкүлү Алмир Мамбеталиев.Бизде мал жоготуу боюнча 2018-жылы бизде 4 факт катталды. Жоготкондор келип арыз жазган мал жоготтук деп кайрылышкан.Төртөө тең эле талаадан жоголуп, кайра табылгандар.Мисалы Төлөбек Исмаилов деген байке,ал жоготуп издеп жүрүп,бизге кечирээк кайрылды,арыз жазгандан кийин, он күндүн ичинде кайра өзү таап алды,талаадан таап алдым деди.Жоготкондо бизге арыз жазып кайрылышса биз издөө иштерин жүргүзөбүз,элдерден сураштырып,райондорго,областарга,маалымат кетиришет, ровдыдагы иштегендер ээн тамгасы,жоголгон малдын кандай белгилери бар болсо ошол боюнча баардык жерге органтировка беришет.Ошол боюнча издөө иштери жүрөт.Жоголгон мал боюнча  тергөөчү бизге тапшырмаларды берет ошол боюнча иш алып барабыз.Ошол жоголгон мал боюнча тергөөчү билет,биз кээ бирөөндө курста болобуз, кээ бирөөндө курста болбой калабыз.Анан 2018-жылы болсо Бакыт Давлетов бир баш букасы жоголгон, ноябрь айында талаага чыгарып, ошол боюнча таппай калган,бизге кеч кайрылды бул киши 2019-жылы кайрылып арыз жазган, бул боюнча издөө иштери жүрүп жатат. 2019-жылы  жаңы эле жыл жаңырганда 4-5-январга караган түнү Талант Абдысаматов деген кишинин сарайдан мал уурдалды деген маалымат келип түшкөн, бир баш кочкор, бир баш торпок уурдалды деп. Биз группа менен барганыбызда тергөөчү дагы келген, тергеөөчү бизге тиешелүү тапшырмаларды берген, ошол боюнча азыр иш алып барып жатабыз.Азыркы кунго чейин табыла элек.Токмокко чейин органтировка беришкен бул боюнча, азыр издөө иштери жүрүп жатат.Биз күз мезгилинде айыл өкмөткө сунуштарды айтканбыз малдар тоодон түшөөрдө,малдарды кесүү уюштуруп мал кайтаруу боюнча,мал жоготуунун алдын алуу максатында айтканбыз.Бирок көп айылдарда андай аткарылбайт экен,

элдер малдарын талаага чыгарып коюп 15 күн бир ай дегенде анан карашат экен.Кээ бирөөлөр өздөрү издеп жүрө берет экен,анан таппай калганда бизге кайрылып атышат.

Ал эми жаңырган жылы эле эки баш малын уурдаткан Куланак айылында тургуну Талант байкеге кайрылганыбызда бизге мындайча баяндап берди.

«Мен Талант Абдысаматов менин малым 4-5-январга караган түнү сарайдан уурдаттым.

Бир торпок бир кочкор уурдалды,3-январда мал базар болуп кочкорду сатыкка алып чыккам 15миң сомго койгом.Торпок экөөнүнүн баасы 30-35 миң сомдой болмок,торпокту бирок сатыкка чыгарган эмесмин анткени ал саан уйдун баласы болчу,азыр ал уй саадырбай качып жатат торпогу жок.Кочкорду болсо эки соодагер келип сураган 10 миң сомго бересиңби дегенин берген эмесмин,атайын сатканга деп байлаган мал болчу.

Тигил торпок болсо 20-25миң сомдой болмок ошондой азыр ошондой баа болуп жатат торпоктун баасы.Мен базар күнү эртең менен эрте алып чыккам сатыкка азыр озүңөр билгендей күн кыска түн узун болгондуктан мен алып чыккан маалда кичине караңгыраак болчу ошон үчүн эки соодагердин бетин жакшы көрө алган эмесмин»,-дейт Куланак айылынын тургуну Талант байке.

Эскертүү

«Элдерге айтаарым малдарын бат баттан карап сак болушсун демекчимин»,-дейт Куланак аймактык участковый

Даярдаган:Дилде Шатанова