“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Нуржигит Кадырбековдун «Бир гана сенсиң»аттуу китебинин бет ачары

18 Февраль 2019 жыл 19:40
Көрүүлөрдүн саны: 175

Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектепте Нуржигит Кадырбековдун «Бир гана сенсиң»аттуу китебинин жана кыска метраждуу кино тасмасынын бет ачаары өткөрүлдү.Ага Нарын шаарынын тургундары жана башка региондордон келип катышышты.

Бул иш чарага Нарын шаарынын Сатыбалды Нааматов атындагы философия факультетинин мугалими Адилбек Жантаев буларга токтолду:

-Бүгүн Нарындагы музыкалык мектебинде Ыйман фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун «Бир гана сенсиң»китебинин бет ачаары болду.Иш чара абдан жандуу өттү, чакан концерттин коштоосу менен,

жаштар абдан көп келди.Себеби бул китепте ошол жаштарга керектүү көөп акыл насааттар, ойлор камтылган.Ал эми «Ыйман»фондунун жетекчиси Нуржигитдин китебин жана кыска кино тасмасынын жаштайга абдан таасирдү кино экен,мага  жакты. Бүгүнкү  иш чара абдан жакшы өттү деген ойдомун.

Ал эми Нуржигит Кадырбековдун өзүнөн интервью алганыбызда бизге мындайча айтып берди.

«Мен бүгүн Нарын Шаарына келип отурам,мурда күнү Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылына барып,ал жактын эли менен жолугушуп,анан бүгүн эртең менен 8-Март деген айылына бардым,андан кийин Нарын шаарына келип жатам.Кишилер аябай мен күткөндөн дагы көп келиптир.

Бүгүнкү»Бир гана сенсин»аттуу китебимдин бет ачаары жана кыска кино тасманын бет ачаары болду.

Азыркы учурда Кыргызстанда китеп окуу маданияты абдан жакшы жайылып баратат,жаштар абдан китептерге көп кызыгып башташты,керек болсо тойлордо дагы жанагындай китептерди белекке берип башташты.Азыр бир демилге көтөрүлүп жатат,кыздарга септин оордуна бир бөлүгүн китеп берүү деген.Мен айтат элем жубай тандоодо анан китеп тандоодо жаңылбаш керек деп айтам»,-дейт «Ыйман» фондунун жетекчиси.

Бул иш чара аяктаган соң,китептер сатылып кол тамга бастырып сүрөткө түшүп жатышты.

Даярдаган:Дилде Шатанова