“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Улуу окумуштуу Д.Мамбетовдун элесине арналган олимпиада жана ойлоп табуучулардын райондук денгээлде сынагы болуп өттү

5 Март 2019 жыл 18:46
Көрүүлөрдүн саны: 68

Нарын районуна караштуу Куланак айылында 5-мартта райондук деңгээлдеги улуу окумуштуу Дүрбөлөң Мамбетовдун элесине арналган физика предмети боюнча 7-8-9-класстар арасында олимпиада жана «Интеллектуал окуучу» сынагы болуп өттү. Аталган сынакка райондун 28 мектебинин окуучулары келип катышышты.

А.Аралбаев орто мектебинде физика предмети боюнча «Мамбетовдун эффектиси» деген аталыштагы конкурс болуп, ага окуучулар өздөрүнүн колунан келген ойлоп табууларын жасап келишти.

Жана ошондой эле физика предмети боюнча 7-8-9-класстар арасында эсептерди чыгарышты.

Конкурска өз окуучуларын даярдап алып келген А.Жутакеев мектебинин мугалими Назгүл  төмөнкүлөргө токтолду:

«Мен бул сынакка жалпы 5 окуучу, 3 окуучу эсеп боюнча, 2 окуучу «Интеллектуалдык окуучуга» даярдап алып келдим. Атаандаштар көп жана абдан кыйын экен . Жыйынтыгын конкурстун жүрүшүндө көрөбүз»-деп билдирди каарманыбыз. 

Ал эми «Интеллектуал окуучу» сынагына катышууга келген Кылычбек Ниязбек уулу өз оюн төмөндөгүчө белгилеп өттү:

Мурат Осмонов мектебинен аталган конкурска активдүү катышуучу болоюн деп өзүмдүн идеямды жазап келдим.Бул жерден көптөгөн ойлоп табууларды көрүп  жатам. Жасалган  буюмдардын аркасы менен биз жашообузга оор жүк жараткан иштерди оңой эле чечип алсак болот. 

Биринчи жолу катышып жаткандыктан сүрдөө сезими болуп жатат. Биз бул сынакка убакытты үнөмдөө үчүн 15 минуттун ичинде бир чака буудайды тазалоого мүмкүн болгон машина жазап келгенбиз»-деди Кылычбек

Аталган конкурс жөнүндө жалпы маалыматты бизге Нарын облусунун билим берүү борборунун директорунун орун басары Рыскүл Муратовна берди:

«Бул конкурстун негизги максаты таланттуу окуучулардын келечегине багыт берүү, алардын шыгын ойготуу жана Эл аралык сынактарга катыштыруу болуп саналат. Конкурс эң мыкты деген деңгээлде болуп өттү. Окуучуларыбыз өзүлөрүнүн эмгеги жана акылы менен күч сынашты.»-деди Рыскүл айым.

Кошумчалай кетчү нерсе конкурстун аягында жеңүүчүлөргө жана мугалимдерге даярдалып келген дипломлор тапшырылды.

Ар бир катышкан окуучуга албан-албан иштерди каалап, келечекте өз ордун тапкан инсандардан болуусуна тилектешпиз.

 

Даярдаган: Гүлшат Бейшекова

«Мыкты макала» сынагы үчүн