“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Айына 2 барышым керек эле

29 Март 2019 жыл 22:02
Көрүүлөрдүн саны: 78

Куланак айылында жайгашкан үй – бүлөлүк дарыгерлер тобу өзүнөн алыска 60 км жайгашкан аймактан бери тээлейт. 2018 жылкы жылдын  абалын  менен жакындан тааныштырабыз

 №1 Куланак дарыгерлер тобу жана үй – бүлөлүк дарыгерлер тобу деп аталган Куланак айылынын чок ортосунда жайгашкан айылдын ден соолугуна кам көргөн  тейлөө борборунун жетекчиси Сакен Асанова менен болгон маекти сунуштайбыз.

             

Айыл тургундарына мед. Жардам көрсөтүүдө үй – бүлөлүк дарыгерлер болгондуктан кичинекей баласынан баштап, кары картаңга чейин үйдөн көрүп тээлеп турабыз. Дары дармектер болсо жетиштүү. Бюджеттик  жол менен да берилет . Курч кармаган ооруларга аптечкасы менен бүтүн дайындалып коюлган. Андан сырткары 1 жашка чейинки балдарды эмдөө ай сайын пландын негизинде жүргүзүлүп турат. Эмдөөнүн бирден бир  пайдасы СНГ мамлекеттеринде управляумый инфекции деп коёт ошол жерлерде сөзсүз түрдө эмдөө жүрүп туруш керек анткени балдар арасында жугуштуу “детский инфекциооный заболевания” деген бар. Көп учурда ушул оору менен ооруп калышы мүмкүн, ошону алдын алыш үчүн эмдөөнү жүргүзүп турушубуз керек

Мамлекет тарабынан кандай жардам көрсөтүүлөр бар

 

Милдеттүү камсыздандыруу фондунан атайын ар бир жаранга бөлүнгөн 70 сомдун тегерегинде каралган. Ал адам сөзсүз түрдө камсыздандырылган болсо

Кайсы ооруллар менен тургундар көп кайрылат

Биринчи оорунда гипертания оорусу туруп жатат. Мен ойлойм бул да жашоо шартка байланыштуу деп. Себеби климаттын оор шартында жашаганыбыз бул бир, тамактануубуз бул эки, эт, майлар көп колдонулат. Мурунку жылдарга салыштырмалуу жер жемиштер көбүрөөк колдонулуп калса деле 2018 – жылы ушул оору өсүш берди. Экинчи оорунга анемияны койгум келет себеби бул ооруда өсүш берип жатат. Элге маалымат берүүдө биринчи оорунга тамактанууну коюп келсек деле көнүп алган адат менен эле чай, кофе  ичишет. Бул болсо түздөн түз анемияга таасирин тийгизет. Темир затын камтыган тамак ашты ичкен күндө дагы чайды  көп ичсе, организмдеги темир заттын сиңишине, токтолушуна такыр жол бербей коёт. Үчүнчү оорунда өпкө ооруллары болду. Балдардын арасында суук тийүү, кыш мезгилинде грипп болсо өз учурунда кайрылбай, узак убукытта үйдө кармап койсо сөзсүз түрдө өтүшүп кетет. Бул да өпкө ооруларына алып келет

Жыл жыйынтыгы кандай болду

2018 – жылдын жыйынтыгы менен айта кетсек. Буюрса жакшы көрсөткүчтү бердик деп айта алам. Анткени бизде эне баланы коргоо көрсөткүчү абдан маанилүү болуп эсептелет. Себеби энелердин дени сак болсо балдардын да дени сак болот. Канча жылдан бери министерство тарабынан аркандай долбоорлор, программалардын негизинде иш алып барып энелерге  маалымат жеткирүү  жаатында, билимин жогорулатуу жаатында маалыматтарды көп берилгендиктен акыркы учурда эне баланын ортосундагы оорулар кыскарды.

Ноябрь айында мектеп жашындагы балдар көп кайрылдды. Себеби алар бири бирименен конттакта болуп грипп менен оорушту. Анан каникулда, кар жааганда азайды. Кардын жаашы деле абанын тазарышына алып келет.

Бир эле Куланак эли кайрылабы

Биздин бөлүмдүн составына Учкун айылы жана мындан 60 км аралыкта жайгашкан  Жылан Арык айылы да кирет. Көйгөлүү маселебиз алыста жайгашкандыктан жетүү кыйын. Клиникалык дарыгер катары айына жок дегенде ошол жерге 2 барышым керек эле. 2018 – жылы жолдун алыстыгынан көп бара алган жокмун

Анализдик лабораториялар барбы

Био- химия чыгара албайбыз. Общий эле анализ чыгарабыз. Андан сырткары райондук үй бүлөлүк борбор тарабынан глюкометр, кардиограммалар берилген.

Маектешкен: Айзат Түмөнбаева