“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак:Оорукананын азыркы абалы

29 Март 2019 жыл 7:58
Көрүүлөрдүн саны: 204

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы бириктирилген ооруканасы 67 жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жатат.Өкүнүчтүүсү ушунча жылдан бери капиталдык ремонттон өткөн эмес.

Бул оорукана тууралуу аталган бөлүмдүн башчысы Майрам Көчүева мн маек курдук.Ал бизге темадан сырткары өткөн жылдагы отчёту тууралууда маалымат берди.

Нарын облусттук бириктирилген ооруканасынын Куланак бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенем. Бөлүм он кишиге эсептелинген, бирок анданда көп адамдарды жаткырабыз.Жакынкы айылдардан да келип жатышат мисалы: Учкун,Достук,Сары- Ой жана башка. Областтык оорукананын бир бөлүмү болгондуктан Бишкектен деле келип жатышса болот. Былтыркы жылдын отчет боюнча 300 дөй оорулуу жаткан.Анын ичинен көбүнчө өпкө жүрөк оорусу,балдардын сезонго жараша кышында өпкө жүрөк оорусу,жайында ич өткөк оорусу.

Андан сырткары 2015-жылы УЗИ сатып алганбыз,демөөрчүлөрдүн, айыл элинин салымы менен. Азыркы учурда УЗИ ге өзүм көрүп жатам окууларга барып окуп келдим жана өткөн жылы очокканабызды өзүнчө бөлмө салып ал жака көчүрдүк азыр бир кыйла жакшы болуп калды.

Ооруканабызда айта берсек көйгөйлөр көп мисалы эч бир чон оңдоп түзөөдөн өтпөгөн ооруканабыздын сырткы көрүнүшүн ондосок дейм,жайында өзүбүз эле капиталдык ремонттон өткөрүп койобуз каражатыбыз жеткен жерлерин гана.

Чынында айта берсек оорукананын абалы журок оорутаар абалда экен.Оорукана тезинен ремонттон отот деген толук ишенчтебиз.

Даярдаган:Ырысбай Адамалиев, Гулшат Бейшекова.