“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Атайын машыгуучу зал жок болсо дагы, жаш спортчулар ийгиликтер багындырууда

30 Март 2019 жыл 5:39
Көрүүлөрдүн саны: 75

Нарын районуна караштуу Куланак айылында балдар машыгуучу зал жок болгондугуна байланыштуу, кышында токтоп калат.Ошого карабастан спортчулар көптөгөн ийгиликтерди багындырышууда.

Грек-рим күрөшү боюнча тренер болуп иштеген Назарбек Мусалиев жетишкен ийгиликтери жана кыйынчылыктары тууралу баса белгилеп,буларга токтолду:

-Мен Куланак айылында машыктыруучу болуп эмгектенем.2011-жылдан бери жетектеп келем,ошондо Нарын райондук «Балдар-Уландар»спорт мектеби жарым штат ачылып, ошого киргем.Анда иштеп жүрүп Куланак айылында, ал учурда мат дагы жок болчу,эски маттар менен клубдун бир бурчуна кирип машыгып жүрдүк.Андан кийин марафон өткөрүп биздин айылдын тургундары,шаардагы айылдык байкелерибиз,туугандарыбыз ошолор болуп акча чогултуп, 9метрдеги клем сатып алганбыз, күрөшкөнгө.Азыркыга чейин ошо менен машыгып жүрөбүз,ар кайсы жерлерде мектептин подвалында,физика кабинетинде,спорт залында,клубда анан азыр лицейде машыктырып атам.

Андан кийин дагы бир ковер алганбыз,комитеттен ал стандарт болчу 12,12 72 штук ошо менен машыгып жүрөбүз.Ушул тапта 40 баланы машыктырам.

Буга чейин балдарыбыз жакшы ийгиликтерге жетишишти Таалайбек Бейшенбек уулу Кыргызстандын чемпиону болду,Азияга чейин катышып келди,ээң чоң ийгиликтерибиз ошо,эл аралык мелдештерде жетишкендиктер болду Казакстанга,Иранга,Украинага дагы коп жерлерге чейин бардык.

Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектебинде 9-классынын окуучусу Бакыт Алмазбеков бизге мындайча баяндап берди:

«Бул күрөшкө мен ден-соолугумду чындоо максатында келгем.Буга 6-жылдан бери катышып келем,бул жылдар аралыгында көптөгөн ийгиликтерге жетиштим.Жер көрүп,эл көрүп келдим.Ар кайсы жерге барып машыгып жүрдүк.Азыр күрөшкө тиешелүү буюмдар баары бар,бирок бир гана машыгуучу зал жок,ошого байланыштуу кышында машыгуу токтоп калды,мурда токточу эмес быйыл эле токтоду эч ким машыккан га жер бербей койгондугу на байланыштуу.Мен бул күрөшкө келээрде чоң максат койгом алдыга,Кыргызстандын желегин желбиретем деп.Мурда күрөшкө байкем катышчу анан мен да кызыгып калып келдим»,-дейт жаш спортчу.

Биз спортчуларга мындан ары да Кыргызстандын желегин желбиретип ийгиликтерге жетише беришсин демекчибиз.Ал эми машыгуучу зал курулуп калат деген үмүттөбүз.

Даярдаган:Дилде Шатанова